Алмаз Шаадаев Фаридам

Жүктөлгөн: 13-09-2016
03:48
64.34 Мб
Жанр: Поп
Алмаз Шаадаев "Фаридам"
Сөзү : Шайлообек Дүйшеев, Тынарбек Амановдуку
Обону : Тынарбек Амановдуку
Коңшулаш айылдан кезиккен,
Коңгуроо үнүңдү эшиткем.
Корооңо кире албай коштошуп,
Кол булгап калчу элем эшиктен.
Агымын турмуштун кече элек,
Анда сен кыз элең секелек.
Кош булак өңдөнүп экөөбүз,
Кошулуп бир аксак дечү элек.

Кайырма:
Фаридам, Фаридам...

Аттиң, ай, өкүнөм эмгиче,
Адырдан гүл терип бергиче.
Алтыным, башкага кеттиң сен,
Алыстан кайрылып келгиче,
Азапка бактысын байлаган.
Армансыз жашоодо барбы адам?
Жоготкон күндөрдү, ай, эстедим.
Неге сен жолуктуң кайрадан?

Кайырма:

Балбылдап көздөрүң карагат,
Басчу элең жүрөктү, ай, жаралап.
Бактылуу боло көр, кош эми,
Балалык ак сүйүүм аманат.

Кайырма:
Комментарийлер (54)
SoniK
2016-09-20 12:06:58
Жакшы чыгыптыр клип
0
mira2006
2016-09-20 14:00:34
Соонун чыгыптыр ыр дагы,клип дагы
0
Ruslan2191
2016-09-26 23:01:38
алмаз сага ийгилик брат
0
anya
2016-09-27 16:13:48
Клип соонун болуптур албетте бул менин жеке табитим, аа кабарчы байкебиздин муруту тушойун деп калганбы ?
0
ROZA-87
2016-10-05 12:30:23
Максатка мурут сонун жарашыптыр. Мага аябай жакты . Максат учун клипти кайра кайра кордум. Ийгилик. Ал эми башка кыз тугонуп калгансып Нуриза тажатты. Айлананы карасанар сулуу актрисалар копко. Эмне эле Бакир уулунун ХХХ ХХХ
0
admin_superstan
2016-10-05 14:47:13
ROZA-87, кимдир-бирөөнүн кадыр баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. 5 күнгө БАН!
0
chyngyz84
2016-10-07 20:43:02
5
0
Bayaz
2016-10-10 02:54:36
Клип ыр супер экен ,барынар асылбек озубеков агайга жетпептир дейсинер ,ал озунун стилинде , алмаз озунун стилинде ,экотен сонун ырдаган , сосуз эле агайдай болуп ырдаш керекпи уну сонун чыгыптыр агайдын стажы коп,агайга жетиш. учун дагы кооп эмгек кылыш керек бары алдыда азаматсын алмаз .
0
Lenovo97
2016-11-25 19:08:49
Клип дагы ыр дагы жакшы, сөз жок.
0
Nasipov.97
2016-12-19 22:37:07
Ыр сонун. Бирок клип орто.Тигинин муруту тушойун деп калыптыр.
0
aman94el
2016-12-22 08:23:36
ото жагымдуу музыка жакшы обон болуптур клип да сапаттуу маанилуу тартылыптыр ырчыга ийгилик!!!
0
s.sweet
2016-12-22 11:17:37
бийчи кыздар жакшы бийлешкен формасыда жакшы ачык чачык эмес.нуризадан башка актриса жок бекен
0
Aisuluu160790
2017-01-15 22:03:56
Канча корсом да тажабайм ушул клипти....
0
meni_kut
2017-02-04 08:16:53
Азыр ала качуу жок деген акылмандар,ушунчалык акыл денгээлинер томонбу?Бул клипте совет мезгилин чагылдырган.
0
vaselisa
2017-02-12 01:50:58
Соонун клип болуптур , Алмаз молодец!
0
bem.03
2017-11-05 12:23:27
Клип аябай сонун чыккан да, кайра кайра корсом да тажабайм. Актерлор ото жеткиликтуу ойношкон.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан