Биз социалдык тармакта

Айпери Кулбаева Картайбачы, апаке

Жүктөлгөн: 26-09-2016
04:22
66.77 Мб
Жанр: Поп
Айпери Кулбаева "Картайбачы, апаке"
Сөзү : М.Тиллебаевдики
Обону : Г.Айдосованыкы
Жашартып жаратканым берсе эгер,
Бүт болгон байлыгымдан кечер элем.
Сан жеткис түйшүгүңдү өзүм алсам,
Апаке кадырыңа жетер белем.

Аппак гүл сунам апа, картайбачы
Ак сарай курам сага, картайбачы
Алдыңа алтын төшөп беремин деп,
Чок кармап турам апа, картайбачы...

Мүрөктүн суусу болсо берер элем,
Картайбас болуп апа ичер белең.
Ааламдын алпы болуп жаралсам, да,
Бир жолку азабыңды чечер белем.

Дарысын өлбөстүктүн тапсам эгер,
Жүзүңдү бырыштардан сактар элем,
Дүйнөнү төрт кыдырып көтөрсөм, да,
Апаке ак сүтүңдү актар белем

Бак-дөөлөт жанар кезиң картайбачы
Урман-сый табар кезиң картайбачы
Апаке ак сүтүңдөн айланайын
Ак жоолук салар кезиң картайбачы
Урмат-сый табар кезиң картайбачы
Комментарийлер (9)
renat-KG
2016-09-27 18:49:44
Апалар картайбасын соонун чыгарма ийгиликтер коштосун
0
zinaniz
2016-09-28 03:32:12
Эээн соонун ыр.Унунузго береке Айпери.
0
tuigan.
2016-10-04 15:50:15
Соонун
0
Gulsara_1986
2016-12-21 16:26:48
Журоктордун тупкурунон орун алган мыкты чыгарма. Ар кимдин ата-энеси узаак жашасын. Эч ким карыбасын деген тилекте жакшы ыр жаралыптыр.Чыгармачылык ийгиликтеринер арта берсин мыкты жаратмандар.Айпери бар бол!
0
Gulsara_1986
2016-12-21 21:18:34
кайра-кайра коргондон жана уккандан тажабайм.
0
aman94el
2016-12-22 08:30:57
эми Айпери эже чыныгы талант да ото кучтуу ун чыныгы Кыргыз кызы клипге соз жок алга Айпери эже!!!!
0
Жазгүл Кенжеева
2017-01-18 10:47:58
Мага клип анча жаккан жок.
0
Asel-91
2017-01-18 10:52:30
Үнүнө, аткаруусуна сөз жок, клипти жаман дебейм, бирок сизден дагы өзгөчөлүктөрдү күтөбүз.
0
Cholpon555
2017-01-18 11:16:11
Ырчы эжекебиз жакшы ырдайт, эми клипти да жакшы тартса мындан да сонун болмок. Эски стилде тартылып калыптыр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан