Биз социалдык тармакта

Самат Дөөлөтбаков Көздөрүң

Жүктөлгөн: 11-10-2016
03:36
88.13 Мб
Жанр: Поп
Самат Дөөлөтбаков "Көздөрүң"
Сөзү : Жыпар Исабаеваныкы
Обону : Съездбек Искеналиевдики
Ал күнү сенин
Добушуң болчу дилдирек.
Сүйүүдөн бекен,
Сүрдөдүң бекен, ким билет?
Арзыдым десем,
Албырып жүзүң от болуп.
Асман да, Ай да
Аярлай калган токтолуп.

Кайырма:
Жалжылдап жайнап, жалт карап,
Жалт карап алган көздөрүң.
Жаныма жакын, жагымдуу болчу
Сөздөрүң, сөздөрүң.
Санаага салбай, сагынбай,
Сагынбай такыр башканы.
Сагындым сени, сагынтты мени
Жаз дагы, жаз дагы.

Сүйөмүн дедим,
Жүзүңдөн сүйдүм акырын.
Жүрөгүм туйлап,
Сүрдөдүм мен да, асылым.
Сыдырым желге
Саамайың учуп сеңселет.
Көздөрүң мага
Сүйүүсүн айтат, эркелейт...
Комментарийлер (9)
mi2000
2016-10-11 15:21:14
Жакты.....
0
ali21eva
2016-10-11 19:36:32
сонун
0
Aima94
2016-10-13 15:16:44
YnY жакшы. Азаматсын. Ырлары аз. Самат коп- кор Ырларын болушун каалайм. Ийгилик
0
Аселя Ли
2016-11-22 23:07:41
Ну и ХХХ ХХХ
0
mishonia8077
2016-11-22 23:53:48
ХХХ ХХХ туника кийип алганбы
0
admin_media
2016-11-23 11:46:05
mishonia8077, Аселя Ли,
Эскертүү! Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоого тыюу салынат!
0
Аселя Ли
2016-11-24 22:37:48
Все равно, ХХХ
0
admin_media
2016-11-25 11:54:41
Аселя Ли,
Кайталап эреже бузгандыгыңыз үчүн 3 күн БАНга!
0
DaniilDiana
2017-09-14 17:32:14
этот парень уникален. прям, приятный. ай-ай-ай. Сагыныдм сени - взахлеб до сих пор слушаю, смотрю. сразу видно, человек умен, грамотен, порядок во всем. даже в вокале. круть
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан