Түмөнбай Колдошов Коштошуу

Жүктөлгөн: 11-10-2016
02:45
38.21 Мб
Жанр: Поп
Түмөнбай Колдошов "Коштошуу"
Сөзү : Мирлан Самыйкожонуку
Обону : Түмөнбай Колдошовдуку
Кыйналтып жанды оорутайынбы?
Көңүлдүн шагын соолутайынбы?
Көөнүмдү көзөп чок тиштеп алып,
Коштошуу үчүн жолугайынбы?

Кысылып кайнап эзилейинби?
Кырчылып сынып кетилейинби?
Көзүмдү оюп алгандай болуп,
Көрүшпөс үчүн кезигейинби?

Азаптын заарын төгүшөйүнбү?
Армандын баарын бөлүшөйүнбү?
Акылдын алсыз кулундай болуп,
Акыркы жолу көрүшөйүнбү?

Жүрөктүн дартын козготоюнбу?
Жашоонун баарын токтотоюнбу?
Жоолугуң үчүн, соолугуң үчүн,
Жолугуп алып коштошоюнбу?
Комментарийлер (27)
Janym_ata_enem
2016-10-14 00:34:53
Мен бул ырды угарым менен дароо Айпери деген кызды эстеп кеттим. Чыгарма ошолэкообузго арналгандай таасир калтырды.
0
bosmos777
2016-10-14 12:01:47
Укмуш!
0
Gulumm
2016-10-14 22:40:35
Ушул ыр менен ооруп калдым го.Кундо угуудан тажабайм.
0
kani-esen
2016-10-15 11:12:58
Клип менен кинону айырмалаш кыйын болуп калды
0
Kurmanbek_9009
2016-10-15 12:56:06
Ырдагы сюжет менин өңүмдө жакында эле болуп өттү. Негизи Түмөн аке мүмкүн болушунча сапатка иштеп жатат. Ушул сапаты башка чырчыларга жугуштуу болсо экен. Тек гана эргүү жана ийгилик каалайм.
+1
Tahmina.Musaeva
2016-10-15 22:40:59
Биздин агай эн сонун. Мыкты чыгарма.
0
adulbek
2016-10-17 22:11:13
Сонун мага жакты
0
simple_girl2015
2016-10-20 20:41:46
Соонун клип болуптур ийгилик агайга....
0
taberik777
2016-10-20 21:42:31
коштошуу учун жолугайынбы???
0
Surena
2016-10-20 22:04:16
Кино коргондой болдум клип менен ооруп калдым баары мыкты аткарган
0
NargizaM
2016-10-25 22:37:23
Абдан сонун
0
Nargizjoldow
2016-11-22 14:26:58
Ыр дагы клип дагы сооонун чыгармачылык ийгилик
0
Atagul....
2017-05-04 00:41:15
Менин жашоомо окшош экен, эх кана эми ата-энелерибиз биздин көңүлүбүзгө, жүрөгүбүзгө аз болсода кулак салса. Ыйлап ыйлап кайра кайра көрдүм.
0
FC.KERBEN
2017-05-22 02:33:23
Ырдын сонун жорукко жеткире ырдаптыр
0
nur007mir009kg
2017-07-31 09:48:04
Клип сөз жок. Ырдын да мааниси соонун. Сөз жок жакты.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан