Жумагүл Раимжан кызы Кызыл алма

Жүктөлгөн: 16-05-2017
03:09
54.59 Мб
Жанр: Поп
Жумагүл Раимжан кызы "Кызыл алма"
Сөзү : Ибрагим Жунусовдуку
Обону : Ибрагим Жунусовдуку
Бешенеме бүтпөгөнсүң жүрөгүмө бүтүп калыпсың,
Күлкүңдү эстеп күндө сенин.
Алигиче таңдайымдан,
Даамы кетпейт кызыл алманын.

Кайырма:
Алма, алма, кызыл алма.
Жегин деп мен берсем сага,
Тең болсун жеп экөөбүзгө,
Бөлүп койдуң эки кесим алманы сен.
Алма, алма, кызыл алма,
Тең бөлүндү мага, сага.
Чылап ширин жылмаюуңа,
Бердиң анын жартысын мага.

Насибиңди бөлүшкөнгө,
Турду ичимден мээрим төгүлүп.
Билбептирбиз анда экөөбүз,
Көп өтпөстөн жарты алмадай,
Каларды биз эки бөлүнүп.

Кайырма:

Бешенеңе бүтпөгөнмүн,
Жүрөгүңө бүтүп калганмын.
Улутунуп сен да мени,
Көп эстерсиң, сагынарсың,
Көргөн сайын бүтүн алманы.

Кайырма:
Комментарийлер (15)
KAPAGAT
2017-05-17 04:48:12
Кытайлык кыргыздарга окшоп ырдап коюпсузго;)
-1
Alibay
2017-05-17 09:35:12
Унун чый-чый этип жакшы ырдаганга же жаман ырдаганга кошулбайсын.Жаакшы козду жумуп угуп жатсан эле чыйылдап кетесин!Аракетинди бааладым.Турмушка чыгып оз тенинди табышына тилектешмин!
+1
baianbaiaman
2017-05-17 10:37:36
катардагы ырларды эле толуктап калыптыр, эч озгочолук жок
+2
anuvar0903
2017-05-17 11:46:34
Азаматсыз эң сонун ийгилик
+1
Abdyrashit.Satylganov
2017-05-18 08:34:40
Жумагул эже азаматсыз, сонун клип.ишиңизге ийгилик.үй- бүлөлүк бакыт каалайм..дагы көп ырларды жаратыңыз.
0
12.12.12
2017-05-18 17:21:44
Соонун азаматсын. Унуо береке.
0
Ilgiz97
2017-05-18 20:51:38
ХХХ ушундай ыр жазып алгылачы, Жумагул эже клип да ыр да эн сонуе эмнегедир жоголуп кеттинизго
+1
Talantbek
2017-05-18 21:53:53
Жумагул молодец, чыгармачылык ишине ийгилик, ыр да, клипда жакшы болгон, кийимдерин ото сонун
0
rozalina01
2017-05-20 12:31:39
Клип жакшы!!!
+1
Mahabat84
2017-05-21 23:39:02
Үнү Айжамал Кабыловага окшош экен, и өзү деле окшоп кетет экен.
Жакшы ырдаптыр ийгилик
0
s-sung
2017-05-22 06:09:10
jakwy.
0
Miregia91
2017-05-26 15:50:22
сонун ырдапптыр го , клип да озгочо экен, мындай озгочо клипти биринчи жолу корушум, клип да ыр да мыкты экен. ишинизге ийгилик эже.
0
Aitbek0101
2017-06-02 00:14:48
кичине нормальный ырчылар барбы деги? качанкыга чейин эски ырларды ырдай беришет? изденуу барбы? тойго ылайыктап эле тантырай бересинерби???? ТАжадым окшош ,сапатсыз,начар чыгармаларынардан!!! Элибиздин маданияты да томон да эптемей ырчыларды колдогон. Кичине заманбапыраак болгулачы жаштар эрте эле чон ата,чон эне болбой!
-1
dosym
2017-06-02 01:55:06
Ушул кыз жакшы ырдайт чындыгында, мага жагат да
0
Aibekatabaevkg
2019-03-14 17:40:52
Сонун ырдайсынго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан