Мыктыбек Нурланбеков Жакшы күн

Жүктөлгөн: 25-05-2017
03:57
58.14 Мб
Жанр: Поп
Мыктыбек Нурланбеков "Жакшы күн"
Сөзү : К.Урманбетовдуку
Обону : М.Ниязовдуку
Көл беле көзүң,
Көргөндө чөгүп кеттим.
Бактымдай, таптырбай көп издеттиң.
Күн кечип жүздөгөн,
Өмүрдү кезип жүрдүм.
Көңүлүм түз белем,
Өзүңдү кезиктирдим.

Кайырма:
Сагынган жазды тоскомун,
Сабыр кыл, мезгил, токтогун.
Аккууга жанды кошкомун,
Ашыкпа, мезгил, токтогун.
Таалайым тапкан окшодум,
Талпынба, мезгил, токтогун...
Токточу мен

Узарткым келет
Ушундай жакшы күндү.
Талбайын, арнайын ак сүйүүмдү.
Саатыңды караба,
Унутчу убакытты.
Сага да, мага да
Буюрду бул бакытты.


Таалайым тапкан окшодум,
Токточу, мезгил, токтогун...
Өрүлгөн жаштык отторун
Өчүрбө, мезгил, токтогун.
Комментарийлер (2)
man.kalikov
2017-05-30 01:23:30
Сонун
0
zolotoy-magnat
2017-06-08 02:23:59
Керемет кыздарды таап аласың э?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан