Ильяс Кудретов Билсең болду

Жүктөлгөн: 13-07-2017
03:59
61.64 Мб
Жанр: Поп
Ильяс Кудретов "Билсең болду"
Сөзү : Бек Борбиевдики
Обону : Бек Борбиевдики
Бирде жыртып, бирде өрттөйм, жазган катымды,
Атай албайм, жаза албай сенин атыңды.
Билсең мага жагарыңды,
Түшүнмөксүң абалымды,
Көтөрбөстөн баркыңды.

Кайырма:
Сумсайтпастан сунган колду,
Ак сүйүүмдү билсең болду.
Улагада отурамын,
Уйкусурап карап жолду.

Менден качпа, тетири баспа, салба артыңды,
Сүйүп алам, сыйлап алам сендей алтынды.
Толуктачы катарымды,
Кошчу турмуш сапарыңды,
Көкөлөтпөй баркыңды.

Кайырма:
Сумсайтпастан сунган колду,
Ак сүйүүмдү билсең болду.
Улагада отурамын,
Уйкусурап карап жолду.
Сумсайтпастан сунган колду,
Сүйөрүмдү билсең болду.
Улагадан тосуп алар ,
Күткөн бар деп
Билсең болду.

Билип койчу, угуп койчу, берем антымды,
Ырлар жазып чыгарамын сенин даңкыңды.
Бийик болсоң бийик сүйөм,
Жан дүйнөмдү ийип сүйөм,
Көтөрө бер баркыңды.
Комментарийлер (8)
samat0094
2017-07-14 20:02:49
кыз мынча сулуу
+1
samat0094
2017-07-14 20:03:13
ыр ничего) мааниси деле жоктой.
0
aika2013
2017-07-15 03:59:31
Бектин ырлары- мазмундуу да музыкасы да журокко жагымдуу , ОЗУ эле ырдаганына жеткире албайт, Супер инфо, Бек борбиевден да туз эфирге чакырсанар!
0
anelya_kaparova
2017-07-15 08:04:41
Менден качпа, тетири баспа, салба артыңды,
Сүйүп алам, сыйлап алам сендей алтынды.

Кандай гана керемет сөздөр!
+2
talaibeksaidiakramuulu
2017-07-15 16:41:24
Жакшы клип экен
+1
Gizzi920000
2017-07-17 15:58:24
Сонун ыр. Сонун аткаруучу. Мага жакты мааниси да сонун 5+
+1
Asel-Subanbekovna
2017-08-01 01:32:35
Сооонуун ыр... Молодцы балдар!!!
+1
elya1973
2018-02-21 22:02:31
кандай сонун ыр создору так маанилуу жазылган
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан