Аяна Касымова Ажар

Жүктөлгөн: 19-07-2017
03:54
59.29 Мб
Жанр: Поп
Аяна Касымова "Ажар"
Байкабай тагдырымды сөгүптүрмүн
Буулугуп көз жашымды төгүптүрмүн
Билбестен сүйүүм башка жан экенин,
Бекерге кайгы-муңга чөгүптүрмүн.

Жылдарга алдангансын өтүптүрмүн,
Жамгырга жалын болуп өчүптүрмүн
Жүзүнөн күн сүйбөгөн алгыз гүлдөй,
Жашынып көлөкөдө өсүптүрмүн.

Жазмышда оңго айланып солдорубуз,
Жашоодо кайчылашып жолдорубуз.
Жек көрүп кайра анан жактырышып,
Жаңы эле кармашканда колдорубуз.

Зар болдум бир көрүүгө карааныңды,
Заарыгам билбейм кайда кабарыңды.
Заманам куурап сенсиз баратса, да,
Зордобойм билсең болду жагарыңды.

Ар убак сен жөнүндө ойлономун,
Апкарым элесиңен толгономун.
Ал тургай түшүмөн да сени көрүп,
Ак таңдан сени сурап ойгономун
Комментарийлер (7)
bemka.703
2017-07-19 15:38:03
Молодец Аяна. Абдан сонун ыр болуптур. Журокко жеткире ырдагансын. Браво!
+1
Tahmirai87
2017-07-19 21:12:04
Азаматсын Аяна!!
0
anuvar0903
2017-07-20 12:47:20
Жакшыы го
0
Djal1987
2017-07-21 02:37:49
Тогорогу топ келишкен клип, Аянанын таланты кучтуу.
0
diar_1113
2017-09-24 01:36:20
Аяна азаматсын унун сонун
0
nurik838383
2017-10-02 22:58:14
Азаматсын браво
0
AGENT2014
2017-10-28 23:24:07
саунтрек жакшы чыгыптыр, бирок ушу Аяна мурду менен кыйналып ырдайт да .Мурунун которсо опкосу корунот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан