Султан Садыралиев, Марсиана Махабат дастаны

Жүктөлгөн: 14-03-2018
04:38
79.88 Мб
Жанр: Поп
Султан Садыралиев , Марсиана "Махабат дастаны"
Сөзү : Алмаш Чойбекованыкы
Обону : Сардарбек Жумалиевдики
Каректен нуруң төгүлүп,
Кат-каттап санаам бөлүнүп.
Кайгыга салдың, карындаш,
Картайган кезде көрүнүп,
Мен картайган кезде көрүнүп.

Таң кылайып чыгыштан аткан кезде,
Талаа-түзгө күн нурун чачкан кезде.
Мезгил торун тынымсыз токуй жүргөн,
Мээнеткеч күн түнөккө жаткан кезде.
Махабатым сизге арнагам...

Ууртуңдан күлкүң төгүлүп,
Үгүлүп, санаам сөгүлүп.
Убайга салдың, карындаш,
Улгайган кезде көрүнүп,
Мен улгайган кезде көрүнүп.

Бүлдүркөндөр ширесин төккөн кезде,
Бүркүт шаңшып асманга учкан кезде.
Саамайларын сеңселткен ак кайыңдай,
Сагынычтар туш-тушка учкан кезде.
Махабатым сизге арнагам...

Болумуң толгон ай белең?
Болжошуп күтчү жай белең?
Бой тумар сындуу, периштем,
Боз улан кезде кайда элең?
Мен боз улан кезде кайда элең?

Жемиш бактар ширесин төккөн кезде,
Бал аарылар гүлдөргө конгон кезде.
Кусалыктан кубарып ак жүзүбүз,
Арабыздан көп күндөр өткөн кезде.
Махабатым сизге арнагам...
Комментарийлер (8)
nureles70
2018-03-15 10:43:00
Азаматсын Султан.Сенде талант бар. Клип эн жакшы чыгыптыр.
+2
shkrva_96
2018-03-15 14:42:00
мага жакты))) экоонун уну дал келиптир
+2
ksb
2018-03-15 22:34:43
Мыкты ырчылар,мыкты аткаруу,мыкты клип.Азаматсын Султан,өнөрүң өркүндөй берсин,талантың ташкындай берсин!!!
+1
diar_1113
2018-03-16 00:20:14
Абдан сонун чыгарма.
+1
Dina.janym
2018-03-16 01:10:12
Эң сонун! Керемет үн! Талантыңыздарга таазим!
0
Dina.janym
2018-03-16 01:33:13
Ушул ырдын Аудио версиясын жүктөп коёсуздарбы Админ сураныыч...))
Рахмаат!)
0
MEDIA-P
2018-03-16 09:32:29
DaniilDiana
2019-01-14 16:19:41
Садыралиев куну-туну ырдай берсе деле, уга бермекмин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан