Алтынай Нарбаева, Мирбек Атабеков Мен сени сүйөм, өмүр

Жүктөлгөн: 29-03-2018
04:29
78.41 Мб
Жанр: Поп
Алтынай Нарбаева , Мирбек Атабеков "Мен сени сүйөм, өмүр"
Сөзү : Которгон Жылдызбек Турсунбаев (Жадыра Байбуланованыкы)
Обону : Элкожонуку
Өмүр, багытым таппай издеп күйүп-жансам да,
Өмүр, тагдырда жан үрөп мен өңдөн азсам да.
Өмүр, бакытты азап жандап түйшүк тартсам да.
Мен сени сүйөм, өмүр,
Мен сени сүйөм, өмүр...

Кайырма:
Алдымдан азгырып чакырдың, ай,
Алдың го жаштыктын жазын далай.
Антсең да сыйлоого акым бар, ай,
Мен сени сүйөм, өмүр...
Берерин билбеймин али эртеңдин,
Тирүүлүк билигин араң тердим
Тар жолдо миң аксап, жүз күйсөм да,
Мен сени сүйөм, өмүр...

Өмүр, жетерде бийиктикке кулап калсам да,
Өмүр, өйдөлөп кайра турар кубат алсам да.
Өмүр, алдыңа далай сынып ыйлап барсам да,
Мен сени сүйөм, өмүр,
Мен сени сүйөм, өмүр...

Кайырма:

Өмүр, күз болуп салдың мени сагынычтарга,
Өмүр, учурдуң кээде ак кар бурганактарга.
Өмүр, көктөмдөй сага бирок али куштармын.
Мен сени сүйөм, өмүр,
Мен сени сүйөм, өмүр...

Кайырма:
Комментарийлер (16)
kilim
2018-03-30 18:53:46
Кинону коруш керек экен
+1
Fresh_hit
2018-03-30 20:20:11
Ыйладым....менин жашоомо окшош экен! Азаматсыздар алтын ундуу ырчылар!
+1
ksb
2018-03-30 22:02:25
Мирбек,Алтынай эже-азаматсынар!!! Шедевр болчу ыр,мыкты акткаруу.Ырды жазган авторлор да азаматтар,баары сонун,бир жцмадан бери тынбай угуп жатам!
+1
Zahide
2018-03-31 18:15:57
Ushu yrchy ejenin kebetesi chubak ajyga okshoshup ketet eken.
0
LadyB
2018-03-31 18:33:59
очень красивый голос тут у Атабекова, очень
+1
raykray
2018-04-01 22:08:57
Мен сыйлаган ырчылар,кандай соонун ундор, Нарбаеванын кимибизден ыры оло оло жагат)))
+1
Oi_pikir
2018-04-02 09:19:44
Күндөн күнгө Мирбек Атабековдун чыгармачылыгы маани-мазмундуу, терең болуп бара жатат. Кандай жакшы, ушул терең ойлоно албаган муундан ушундай ырчынын чыкканы. Ырга ыйладым... Балдарыбыздын балалык асманы булутсуз, бактылуу өтсүн.
+1
Djal1987
2018-04-03 03:26:35
Мирбектин аты омур бою очпойт. Рыспай Чынгыз Таттыбубу Бубусара болуп туболук айтылат.
0
PatriotkaKG
2018-04-04 11:02:05
Эн эле мыкты чыгарма болуптур,кайра кайра угуп жадабайм.
0
kukanya_kg
2018-04-05 15:57:01
Atabekov bilet kim mn duet yrdawty! talantyna taazim.)))
0
Ilays
2018-04-18 00:17:05
Мен сени суйом омур
+1
DAIN
2018-04-19 19:47:59
Атабековдун ырларынын мааниси терен,майын чыгарып ырдайт,аябай ыйладым ((((
0
Kushchu
2018-04-28 15:20:01
Бул кайсы кинодон алынган?
-1
kilim
2018-04-28 15:45:17
Kushchu,Кечээ,Бугун,эртен
+1
nasipa9799
2018-06-01 00:27:08
Супер ыр!Супер ырчылардан!
-1
Ik_atai
2018-06-13 13:23:25
Клип мыкты болуптур!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан