Назми Ойлойсуңбу?

Жүктөлгөн: 09-04-2018
03:57
66.7 Мб
Жанр: Поп
Назми "Ойлойсуңбу?"
Сөзү : Г.Абдылдаеваныкы
Обону : А.Чикеевдики
Алсырап, жаным кейип турган кезде,
Опол тоо жөлөк болуп койбойсуңбу?
Билбедим, же байкабай жүрөсүңбү?
Же мени оорубайт деп ойлойсуңбу?

Муңканып муунум бошоп турган кезде,
Күн болуп, кабакты ачып койбойсуңбу?
Билбедим, же байкабай жүрөсүңбү?
Же мени кейибейт деп ойлойсуңбу?

Сезимдер толкуп-ташып турган кезде,
Сен мага жылуу сүйлөп койбойсуңбу?
Байкабай, же түшүнбөй жүрөсүңбү?
Же мени сүйө албайт деп ойлойсуңбу?
Комментарийлер (6)
Stervashka
2018-04-10 00:59:01
Сонун, сонун, сонун! Ун деп,талант деп ушуну айтсан болот!
+1
azimhan
2018-04-10 12:55:28
Соонун болуптур клип ийгилик
+1
senchi
2018-04-10 23:24:38
угуп эргуу гана ала турган ун. азаматсыз
0
ainur78007
2018-04-19 19:02:00
Укмуш,соонун уну да клипи да.
0
cholpon119966
2018-04-21 23:53:59
Уну керемет, клип да мыкты. Гитара менен сонун ырдаган. Чачы бир аз улуу корсотуп койгондой го...
0
Siren.ms
2018-05-24 19:00:05
не болуп алган апежем
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан