Өкүнүчтөн өзүмдөн өзүм кыйналдым,
Өзөгүмдөн өртүмдү билбей кыйнадың.
Жалган сенин жасалма айткан ал сөздөрүң,
Арман кылдым, адаштым, бирок мен сынбадым.
Кайырма:
Аттиң арман, мага салган,
Маңдайыма жазганы жалган.
Экөөбүздүн жолдор башка бул биз адашкан.
Чыйрыгамын махабатымдан айрылып,
Чыдай албай жүрөмүн өксүп, кайгырып.
Түшүнбөдүм, ким менен кеттиң сен кай жакка?
Өкүнөмүн, өкүнгүм келбейт го кайрылып.
Кайырма:
Аттиң арман, мага салган,
Маңдайыма жазганың жалган.
Экөөбүздүн жолдор башка бул биз адашкан.
Жаңылдым го, бирок түшүнбөйм,
Сенсиз бирок өкүнбөйм.
Аттиң арман, жазганы жалган,
Экөөбүздүн жолдор башка бул биз адашкан
Комментарийлер (40)
Barika
2010-09-27 19:42:48
Мен да тушунбой эле калдым
0
Нукура кыргызка
2010-09-28 16:09:18
комментерди окуп тушундум,а так тушунуксуз клип болуп калыптыр.Бирок,ыр жакшы...