Алмаз Шаадаев Кыргызстанды сүйөлү

Жүктөлгөн: 20-07-2020
05:00
33.15 Мб
Жанр: Поп
Алмаз Шаадаев "Кыргызстанды сүйөлү"
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Эдил Маматовдуку
Үнүм жетпей чоңдорго,
Кайра элге кайрылам.
Оңолбоду төбөлдөр,
Акча жасап кайгыдан.
Көпкөн чоңдун баарысын,
Элим өзү кайрыган.
Булут басып баратса,
Тарых бетин айрыган.
Чек араны такташпай,
Чоңдор бизнес кылышат.
Улам бирөө аткылап,
Элди мээлеп турушат.
Ак үйдөгү камандар,
Калкын качан угушат?
Маселени чечалбай,
Өкмөт алмаштырышат.
Кымбат алып тендерден,
Элдин кунун жедиңер.
Эчким билбейт донорго,
Эмне убада бердиңер...
Добуш алып акчага,
Арам менен келдиңер.
Ачууланып баратат,
Элдин түрүн көрдүңөр.
Миллиард тоноп, миң чачып,
Ун бергенди макташат.
Элди эмес чынында,
Өз байлыгын сакташат.
Эл башында тургандар,
Эл душманын акташат.
Качан эми эзилбей,
Чек араны такташат?
Карыз кылып өлкөнү,
Жерди күрөө койдуңар.
Эртеңкинин пулун жеп,
Элди тирүү сойдуңар.
Көргүм келбейт силерди,
Намыс саткан "сойкулар"
Кеткилечи тажатпай,
Жетишинче тойдуңар.
Тажы кийген бир оору,
Өпкөңөргө жукса экен.
Мыйзам иштеп бир күнү,
Темир торго тыкса экен.
Элим деген азамат,
Ээрден ылдый жыкса экен.
Элдин үнүн акыры,
Эгем дагы укса экен.
Элим азыр чынында,
Өзүн багып жаткандай.
Эл башчылар былтыйып,
Милдетинен качкандай.
Жакшы заман келем деп,
Сыноо берип жаткандай.
Кыйналганда кыргызым,
Ынтымагын тапкандай...
Ойгонолу кыргызым,
Жоготпойлу өлкөнү.
Сөөк калды, эти жок,
Тонотпойлу өлкөнү.
Үмүт үзбөй биригип,
Куушурбайлы желкени.
Ойлонсун деп жаткандыр,
Бул сыноону бергени.
Сыноо менен кыргызым,
Барган сайын асылдайт.
Ишенемин бул жолу,
Калкым пулга сатылбайт.
Ойгонбосок ойлонуп,
Эл уулдары батынбайт.
Эми добуш сатсаңар,
Акыр заман жакындайт.
Койдун баасы кеминде,
Беш миң турат билсеңер.
Койдон арзан сатылбай,
Намыс менен жүрсөңөр!
Тандоо турат маңдайда,
Таамай эле тийсеңер!
Добуш сатпа, суранам,
Кыргызстанды сүйсөңөр!
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан