Нурлан Насип Кызытайым

Жүктөлгөн: 10-08-2020
03:40
40.66 Мб
Жанр: Поп
Нурлан Насип "Кызытайым"
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Нурлан Насиптики
Бүгүн кызым, турмушту көздөй канат кактың,
Сүйкүм кызым, бакытың карай кадам бастың.
Атакесинин данеги,
Апакесинин кареги - болгон дайым,
Тилегим тунук арнайын.

Кайырма:
Кызытай кагылайын,
Көңүлгө жарык айым.
Күн болуп күлүп турсун,
Нур чырайың.
Кызытайым
Бактыңды мен каалаймын.
Мөмөлөп гүл багыңда,
Жүргүн дайым.


Унутпагын апаңдын сага айткан кебин,
Урматтагын дайыма сыйлап тапкан теңиң.
Келиндей эмес кызындай,
Кондуруп алсын учурбай - барган жериң.
Тилегим жалгыз бул менин.
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан