Асель Кадырбекова Жан кызым

Жүктөлгөн: 01-09-2020
03:38
26.69 Мб
Жанр: Поп
Асель Кадырбекова "Жан кызым"
Сөзү : Жылдызбек Турсунбаевдики
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Акактай жайнаган затыңдан,
Алтыным, жан кызым татынам.
Жылытып жүрөктү илебиң,
Жылмайсаң күн болуп ачылам.

Көнбөстөн колуна башканын,
Тай-тайлап, талпынып басканың.
“апа” деп эркелеп чакырсаң,
Ансайын жаркырайт асманым.

Кайырма:
Берекем кызым – мөлтүр булагым,
Бактым, кумарым – сүйүү сунамын!
Көлөкөм кызым –
Жашартып турган - жанга ынагым! (2 жолу)

Көңүлдүн эңсеткен медери,
Көркүңө сөздөрүм жетеби?
Күлгөнүң жаздагы жоогазын,
Көздөрүң чолпондой адеми.

Мөмөсү эл берген батанын,
Мен сени “пери” деп атадым.
Эмгиче түшүнбөйм жан кызым,
Эх кантип... Өзүңсүз жашадым?
Комментарийлер (2)
Nyrjake
2020-09-03 13:21:48
Сонун ыр болуптур, создору да сонун экен, Дариюшканын келечеги кен болсун, бактылуу балалыкты каалайм!!!
+2
IRA
2020-10-23 21:16:01
сонун Асель сенден коп коп чыгармаларды кутобуз, бар бол алтышка
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан