Сөзү : Мирбек Өмүркановдуку
Обону : Эрнест Жоошевдики
Бакыт болбос менде башка өзүңдөн,
Жүрөгүмдү эздиң сен.
Ашык болбос карап койсом көзүңдөн,
Күтө берем келчи сен,
Махабаттын балына,
Калып калдым малына,
Ак сүйүүгө багынамын,
Суранамын жалына.
Келчи менин жаныма,
Күтө берип сагынамын.
Кайырма:
Жалгыз жүрүп махабаттын талаасында,
Адашып арзуунун арасында.
Сүйүү гүлүн арнап үзөм сен үчүн,
Эң кымбат белексиң мен үчүн.
Ар дайым жалгыз сени издеп жүрөмүн,
Ардагым, келсеңчи, күтөмүн.
Арманга батып жатат сенсиз жүрөгүм,
Алтыным, түбөлүк сүйөмүн.
Калдым сыздап махабаттан жашынбай,
Сезимдерим катылбай.
Ак баракка сүйүү ырын жаздырбай,
Аябадың тагдыр, ай.
Жашын төккөн жамгырдай,
Бир да тамчы калтырбай.
Ыйлайт сезим жазылбай,
Айтылбастан сырлар, ай,
Өтө берет жылдар, ай.
Жаштык жазда жыргабай.
Кайырма: