Эрлан Андашев Ойлон

Жүктөлгөн: 03-05-2021
03:37
71.7 Мб
Жанр: Поп
Эрлан Андашев "Ойлон"
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Эрлан Андашевдики
Элиңдин келечегин бүгүн ойлон,
Ал үчүн Мекениңди сүйүп ойгон.
Жеңишке жете алабыз эңсеп жүргөн,
Пейлиңди, жан дүйнөңдү кенен койсоң.

Тар жолдо тайгаланса канча жаның,
Багыттан алга деген чарчабагын.
Көралбас ар кадамда коштоп жүрөт,
Кыялды, максатыңды таштабагын.

Кайырма:
Эртең кеч, бүгүн, азыр ойгонуп,
Элиңдин келечегин ойлонуп.
Түшүнсөң жаңы күндүн таңы сен,
Калың журт колдоп турат баары тең!!!

Кыргыздын айбаты курч сүрү болгон,
Кайтпаган ата-бабам улуу жолдон.
Татыктуу урпак болуш үчүн анда,
Эртең кеч болот билсең бүгүн ойгон.

Жетпейсиң бийиктерге үмүт үзсөң,
Канча жан өлкө үчүн күйүп бүткөн.
Тайманбай алдыда бар улуу сапар
Баралы келечекке бизди күткөн.

Эр Манастын урпагы,
Эч доордон бул жагы.
Кырчылдашкан майданды,
Жеңип өтүп сынбады.
А азырчы не болду?
Улууларын укпады.
Көрүнгөндү сындады,
Минте берсе кандай болот бул жагы...
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан