Асема Сүйүү бар

Жүктөлгөн: 09-06-2021
03:08
59.82 Мб
Жанр: Поп
Асема "Сүйүү бар"
Сөзү : Зарлык Камбаралиевдики
Обону : Эдил Маматовдуку
Сүйүү-бул бирөөгө жалган,
Бирөөнү жалынга салган
Кандай табышмак?
Ойго салат...

Сүйүүгө ишенген жан бар,
Кезигет адашкан жандар...
Күтүп зарыга
Үмүткө багына

Сүйүү бар сүйсөң ишене!
Адашуу жолун издебей
Азабын тартат түбөлүк
Махабат баркын билбеген

Колдору кармашып бирге,
Бактылуу күндөрдү кечкен
Жандар аз эмес
Азап чекпей...

А көзүнөн кулаган жаштар,
Кусадан өңүнөн азган
Бар го далайлар
Кантип айыгат?

Адам болбойт сүйүү жолдон жаңылбас.
Жашоо керек сынбай...
Өткөн күнүң кайра артка кайрылбайт
Сактоо керек бузбай...
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан