Нурмат Садыров Ассалоому Алейкум

Жүктөлгөн: 05-08-2021
03:30
68.48 Мб
Жанр: Поп
Нурмат Садыров "Ассалоому Алейкум "
Кандайсыз тууганым?
Кол сунуп турамын.
Колдосун бар жактан
Жаратканым!

Кааларым амандык,
Көрбөйлү жамандык.
Сыйлашып өтүүгө,
Биз жаралдык.

Күндөй жайнап гүл багыбыз,
Бакыт болсун жыйганыбыз.
Байлык,бийлик колдун кири,
Бекем болсун ыйманыбыз!

Ассалоому алейкум,ва алейкум ассалам,
Жакшы иштер дайым,саламдан башталган.
Ассалоому алейкум,ва алейкум ассалам,
Мен да сизге боорум бакыт таалай каалайм!

Өмүрдү бир нуска,
Бөлөйлү ырыска!
Биз курган мамиле,
Эң ыйык да...

Жашоо бул миң бакыт,
Жүрөктөн нур чачып.
Жолуксак жүрөлү
Учурашып.

Эл кадыры бийик турсун,
Эне-бала күлүп турсун.
Бардыгынан көңүл кымбат,
Адам аны билип турсун!
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан