Кызсайкал Бактымды таптым

Жүктөлгөн: 18-03-2025
03:54
30.3 Мб
Кызсайкал "Бактымды таптым"
Сөзү : Ж.Максатбекова
Обону : А.Садыбакасова
Жүрөгүмө сен жылуулук арнадың
Көздөрүңдөн мен бакытты табамын
Сенсиң менин он сегиз миң ааламым
Бир өзүңө байланамын
Сени менен бакыт барын сеземин
Билем жаным жалгыз сендик экеним
Менин тунук бакытыма себебсиң
Жүрөгүмдө сезимдесиң

Кайырма:

Сен менин жаным
Мен бактымды таптым
Жаркытып жашоомо
Жарык нуруңду чачтың

Дайым менин жанымдасың бир өзүң
Жагат мага сүйүп турган мүнөзүң
Сени менен чогу бирге өткөргөн
Кымбат мага мүнөттөрүң
Бактылуумун өзүң барсың жанымда
Эркелетип сүйүп турган дайыма
Кандай жакшы жазылган бактыма
Бакыт болбой башкаларга
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан