Алтынай Нарбаева Из калтыр бул дүйнөдө

Жүктөлгөн: 19-03-2025
03:36
14.15 Мб
Алтынай Нарбаева "Из калтыр бул дүйнөдө"
Сөзү : Кубанычбек Бакиев
Обону : Эркин Кайымов
Из калтыр бул дүйнөдө, ансыз да өмүр кыска,
Атыңды айтып урпак, иштериң болсун нуска.
Из калтыр бул дүйнөдө, жакшылык ишиң менен,
Акындар ыр жазышсын, канаттуу сезим менен.

Из калтыр бул дүйнөдө, акыйкат сөзүң менен,
Эч качан ушак айтпа, көрбөсөң көзүң менен.
Из калтыр бул дүйнөдө, боорукер сезим менен,
Көңүлдү калтырбайлы, баары өтөт бул дүйнөдөн.

Артыңда из калтыргын, ак эмгек кызмат менен,
Унутпай элиң жүрсүн, кетсең да бул дүйнөдөн.
Из калтыр бул дүйнөдө, атанын уулу деген,
Ашыкча мүлк жыйнаба, ал кетпейт өзүң менен.

Из калтыр бул дүйнөдө, боорукер сезим менен,
Көңүлдү калтырбайлы, баары өтөт бул дүйнөдөн.
Ашыкча мүлк жыйнаба, ал кетпейт өзүң менен.
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан