Мага арналды тилектериңиз
Арманы жок күн өткөрүңүз
Текке кетпейт үйрөткөнүңүз атакем
Түздөп коер кетсе катабыз
Баарыбызга тийсин батаңыз
Апам менен узак жашаңыз атакем
Кайырма:
Атакем сиз барсыз мен бармын
Тарбияңа заармын
Таянар адамым атакем
Сырдашаар адамым
Сиз үчүн арнайын
Сыйкырын ааламдын
Жалын болуп үшүгөнүмдө
Жылуу мээрим көкүрөгүндө
Жүрөк толоор ыйык сөзүңдө атакем
Өмүрдөгү бийик устатым
Өзүң көздөй сезим ыкташым
Акыл сөзүң угуп уктачум атакем
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.