Даниель Сүйүү керемет

Жүктөлгөн: 07-04-2025
04:41
113.43 Мб
Даниель "Сүйүү керемет"
Сөзү : Айбек Карымов
Обону : Айбек Карымов
Алтыным, берегирээк келчи мындай,
Отурчу жан эргите ырдай, ырдай.
Отурсак уктабастан түнү бою,
Шарактап таң атканча үн басылбай.
Алтыным, сен мендеги ойду билсең,
Ар дайым мени менен бирге жүрсөң.
Элесиң ак маралга окшоп келет,
Гүлзардан күлүмсүрөп чыга келсең.
Сен барда караңгы түн да аппак таңдай,
Ал тургай ай биз үчүн жаралгандай.
Сен менен таштак жолдо баратсам да,
Сезилет көл үстүндө бараткандай.
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан