Куралбек Чокоев Өмүр зымырайт

Жүктөлгөн: 11-04-2025
03:36
27.06 Мб
Куралбек Чокоев "Өмүр зымырайт"
Сөзү : Кыялбек Урманбетов
Обону : Асылбек Өзүбеков
Мен сага туш болуп
Көңүлүм куш болуп
Чарк айланам канат дирилдей

Күндөрүм түндөргө
Түндөрүм күндөргө
Алмашылды көзгө илинбей


Турмуштун сырын айт
Таш бака кыбырайт
А өмүр зымырайт зымырайт зымырайт

Шашылбайт таш бака
Эсалат чарчаса
А өмур зымырайт зымырайт зымырайт

Сагынтып кээде сен
Ардагым келбесен
Кантип өмур жайнайт гүл ачып

Санаймын күндөрдү
Санаймын түндөрдү
Өчөшкөнсүп өтпөйт убакыт

Кыялым алкынат
Теминем камчылап
А өмүр кыбырайт кыбырайт кыбырайт

Өңү да өзгөрүп
Таш бака көздөнүп
А өмүр кыбырайт кыбырайт кыбырайт

Үмүттөй түнөрүп
Кош десем түбөлүк
Билбей калдым неден жаңылгам

Жүрөктүн өртү жок
Дүйнөнүн көркү жок
Жандап өтөт мезгил жанымдан

Аппак таң аткансыйт
Күн деле баткансыйт
А өмүр токтогон токтогон токтогон

Билсе да таш бака
Кыбырайт таш бака
А өмүр ташыркап токтогон токтогон
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан