Бир ырда жүрөгүм ууланган,
Бир ырда кирпигим сууланган.
Бул өмүр бүркөлүп, ачылып да,
Кубаныч, кайгыдан куралган.
Өткөн күн каяктан табылсын,
Өмүрдө бүтпөсүн сагынчың.
Өчсөм бир өчөмүн, кайра жанбайм,
Өзүңдө ырларым жаңырсын.
Кайырма:
Угуп кой, санаага батканда,
Унутуп, кайгыны басканга.
Бир үзүм үмүттү тапканга,
Угуп кой, түн уйкуң качканда.
Жалынды ыр менен тоскомун,
Жанымды ырыма кошкомун.
Сыздаган сезимди күүгө салып,
Кылына комуздун окшодум.
Үн созом махабат багында,
Жүрөктүн добушу барында.
Жар салып өтөм да тирүүлүктү,
Жашаймын жакшы ырдын сабында.
Кайырма:
Комментарийлер (72)
alucard
2011-01-11 17:50:20
alikbek, жакынкы күндөрдө баары оңдолот!
0
Aijarkun
2011-01-15 20:32:41
Кыялбек Урманбетовко чон рахмат созун сонун жазыптыр, калеминиз курчуй берсин
+2
jaku
2011-01-15 21:56:28
как я обожаю ее голос и пахвала криативной группе которые создали этот клип
+1
Kindersurpriz
2011-03-03 22:32:50
Примадонна отдыхает рядом с Вами!!!
0
Taalaichik
2011-03-16 02:38:18
Гульнур когда вы поете эту песню, представляешь что эту песню, поете только для меня, она проникает в сердце и заставляет думать о истинных и глубоких чувствах, спасибо вам за хорошие и настоящие песни,...
+1
TUMAN
2011-05-29 12:10:01
ушул аркасы жашоого кайтып келдим
0
ayku
2011-06-13 08:56:41
Супер!!! Гульнур эже азаматсыз!!!!
+1
AKJOLTOI
2011-06-22 14:25:47
Угалы бул ырды сагынып
Улуу бир сезиге багынып
Учуруп кыялды ааламга
Ушул ыр турса экен жанырып!
(азаматсыз Гулнур эже бар болунуз)!
+3
anjelei
2011-10-02 01:43:15
угуп эс аласын. Гулнур эжеде чыныгы талант, ун бар. Таазим сизге. Ар бир ырын журогу менен берилип ырдайт да.