Талантка элим көңүл бөл,
Талапкер жаштын көбүн көр.
Талпынып учкан ыр менен,
Тазарып турсун көңүлдөр.
Ыр майрам салтанат,
Ысык-Көл жар салат,
Ысык-Көлүм жар салат.
Кайырма:
Кутмандуу ырчылар,
Кубулжуп турчулар.
Керемет көл күтөт,
Келгиле курчуңар.
Жылдызы жылдын деп,
Эл күтөт бул ким деп.
Алгандар мөрөйдү,
Аталсын булбул деп.
Жарышат мукам көп үндөр,
Жадымда калсын бул күндөр.
Жалындап күйгөн ыр менен,
Жашарып алсын өмүрлөр.
Ынтымак аркалап,
Ысык-Көл жар салат,
Ысык-Көлүм жар салат.
Кайырма:
Тымызын көлгө кылчайып,
Тыңдасын дүйнө тынч алып.
Тосолу таңды ыр менен,
Тоолордон бийик үн салып.
Ук, дүйнө, кайталап,
Ысык-Көл жар салат,
Ысык-Көлүм жар салат.
Кайырма:
Комментарийлер (12)
critic
2011-02-02 16:45:21
Актан Исабаев, Ырыскелди Осмонкуловдун ушул ырлары менен өскөм.
+2
boka0312
2011-02-24 16:35:14
Ушул ырга эч кайсы ыр жетпейт азыркылардан!
+2
DaniilDiana
2011-03-08 15:16:30
рахмат )) ааа, где юные годы (((( хочу в студенчество....
+1
жан
2011-03-25 00:54:41
классная песня
+1
mangust
2011-04-12 21:50:09
klip yr super
+1
jani
2011-07-04 16:01:24
Вааххх +10000000000
+1
Zhoodar
2011-09-26 14:04:06
Ysyk kolum-yiyk jerim, altyn beshigim
Aktan, Ryskeldi,Adil en jakshy,azamat
0
almazi2807
2012-07-11 20:55:06
Полный КОЛХОЗ!!! Но, песня сама по себе - ничего, неплохая. А-ля "Замыкая круг". Плагиат, конечно.
-3
gukajan
2012-07-21 23:04:07
almazi2807, ti naverno sam ros v kolxoze, ti daje ne znaesh, kto oni...
+1
SHATY
2012-08-27 22:57:21
Шедевр! Абдан сонун, мукамдуу ыр.
+1
Iminfinity
2013-05-21 19:31:12
men ushul irdi dagi ele bilet ekenmin, klassnaja pesnja, super super!
+1
Almanbet
2014-06-03 17:17:16
Клиптин сапаты, ыр озу дагы азыркылардан бийик турат. Аябай сонун ыр да. Негизи эле
"Старая школа"нын ырчылары кучтуу болушкан
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.