Жанып турсам байкадыңбы?
Жылдызымдай асмандын.
Капилеттен көрүп алып,
Мен да сага шаттандым.
Кусалыгым тарап кетти,
Нурларындай ак таңдын.
Жакшы сөзүң жанга кубат,
Жалыныңа капталдым.
Кайырма:
Көкөлөсөң көңүл кушу эргип,
Көздөр менен сүйлөйлү.
Сезимдерге күү төгүлтүп келчи,
Сүйүү бийин биз бийлейли.
Сени гана сезимиме,
Катып алдым кайтарып.
Көздөрүңдүн ирмеминен,
Турду баары байкалып.
Аруу сезим кандай күчтү,
Алсыз ойду майтарып.
Жарык болсун эртеңки күн,
Жакшы ойлорго кайталык.
Кайырма:
Комментарийлер (14)
Шаиста Шатманова
2011-02-02 18:07:13
Биздин жаш ырчы кыздар сахнага чыгып-чыкпай жатып эле толуп кетишет. Ошолор Сайра эжебизден сабак алышса, ким айтат бир нече баланын энеси деп? Азаматсыз. Ыр да, клип да жакты.
+1
KOLPOCH
2011-02-03 09:23:16
Азамат Ильяз!
+1
АНАРА
2011-02-03 10:55:26
Сайра эже сиз менен сыймыктанам!!! Озунузду аябай жакшы алып журот экенсиз, дагы деле баягыдай жапжашсыз. Азат байке экоонуздорго чон ийгиликтерди каалайм!!!