Эмил Балтагулов Кызым ай

Жүктөлгөн: 15-03-2011
03:36
75.98 Мб
Жанр: Поп
Эмил Балтагулов "Кызым ай"
Бул ыр Гүлгүнай менен биргеликте аткарылган
Сөзү : Э.Балтагуловдуку
Обону : Э.Балтагуловдуку
Жаркыраган бакыт-таалайым,
Жарык кылган маанайым.
Жаңы ачылган жоогазын белең кызым,
Жытыңан ананайын.
Кагылайын менин каралдым,
Кан-жанымдан жаралдың.
Күйүп-жанып өзүңөр үчүн кызым,
Бардыгына даярмын.

Кайырма:
Атыңдан кагылам зирегим,
Аминам, Мадинам белегим.
Акылдуу, ыймандуу болсо экен деп
Жараткандан тиледим.
Кагылам, сагынам белегим,
Аминам, Мадинам тилегим.
Асыл жол, бакыт жол бере көр деп,
Жараткандан тиледим.

Башыңарга бакыт консо дейм,
Ыйман, ырыс толсо дейм.
Эл үчүн деп согуп турган жүрөгү,
Элдин кызы болсо дейм.
Кубанычтан дайым күлсө дейм,
Туура жолдо жүрсө дейм.
Ата-журтун, өз мекенин аздектеп,
Эли жерин сүйсө дейм.

Кайырма:
Комментарийлер (15)
honey
2011-03-15 14:48:31
Соонун Эмил Балтагуловдун уну мага лично жагат. Ыр дагы жакшы, маанилуу ыр. Мойтойгон, буйтуска бобоктордун келечеги кен болсун!!!
+1
jani
2011-03-16 12:27:35
аябай жакты жакшы клип экен!!!
+1
amantur
2011-03-16 15:34:35
Ооо, Эмил байке, чыгармачылыгыңызга ийгилик.
+2
amantur
2011-03-17 13:40:36
Атыңдан кагылам зирегим,
Аминам, Мадинам белегим.
Акылдуу, ыймандуу болсо экен деп
Жараткандан тиледим.
Мына ушундай болот ата эненин тилеги
+1
gujunpo
2011-03-20 23:34:15
кыздары сооонун экен!!
0
Haker
2011-03-23 17:39:44
Аябай жакшы тартылыптыр.
Эмил байке.
Талантыңыз өркүндөй берсин, кыздарыңыздынкызматын көрүңүз, кыздарыңыз кыргыз элинин керегине жараган кыздардан болсун, ушундай үлгүлүү үй бүлөөлөр Кыргызстанда көбөйө берсин.
Дагы дагы жакшы ыр жана клиптериңизди күтөбүз!!!
+1
kyrgyzymdynuulu
2011-03-24 21:36:53
Азамат Эмил
сендей уулдарыбыз көп болсо сонун болот
клип да жакшы тартылган, хит парадка чыгарсаң акыркы болбойт
0
Fianitbek
2011-04-04 20:28:34
Жакшы, талантыңыз өркүндөй берсин!!!
0
edinstvennaya
2011-04-07 15:35:42
kyzdarynyzdyn omurun bersin ))))
+1
АйАй
2011-05-01 19:07:13
Кызынын мойтоюуп уктап калган жери абдан жагат!
0
faiz
2011-05-23 11:18:11
Эмил, Гүлгүнай Аллахым тилегинерди берсин. Амина Мадина омурлуу, бактылуу кыздардан болсун
0
Tatishka
2011-10-10 09:32:48
Абдан жакшы Гулгунай биздин айлыдны кызы а Эмил байке бизге жезде! жакшы силерге бакыт!
+1
mayer
2012-05-29 14:50:43
аябай сонун ыр экен!силерге бакыт тилейм!
+1
xinata
2012-07-23 01:15:43
жакты
+2
Ysykataarashan
2012-09-10 01:07:41
Неге ушул ырлар суперхитке коюлбайт? Добуш бермекпиз да э.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан