Сапарым жазгы жолдо, жазгы жолдо
Сарысеп салып келем оңго солго
Көркөмдүү көргөзмөсүн көрсүн дейби
Күн нуру шоолаланды кыраң жолдо
Асманга анан жерде нур таралат
Аз-аздап шык ойгонуп ыр жаралат
Эңилип жаман гүлдөр өөп кетпейби
Эртелеп бара жатсам бак аралап
Мактасаң сулуулукту жазда макта
Жашыл түс кырда, түздө, дүйүм бакта
Жамалың жамгыр чайкап эртели кеч
Таштар да өңүн ачат ушул чакта
Булбулдар көрүшкөнсүп теңи менен
Безилдеп үн алышат сени менен
Жабыркап жылуулуктан жадап турсаң
Жел аргый желпип өтөт жеңи менен
Төшөлөт чөп килемдей бут алдына
Жайылат нур жибектей кош далыма
Көпөлөк көлөкөмдөн боюн тартат
Келгенсийт кебирсинген кыш жанына
Комментарийлер (25)
Дикуся
2011-04-15 14:46:53
Эптеп эле ушул ырга клип тартырып коюш керек деп, клибинин санын кобойтуш учун тартып койгон.Эч кандай озгочолук жок.
0
zara
2011-04-20 10:25:40
Аида эжекебиз назик бийкеч болуп калган го бул клипте. Позитивдүү маанай тартуулаган клип экен. Бир гана жаш балдар менен аралашып бийлеп жаткан жердеги кийген кийими өзгөчө башындагысы жарашпай калган экен.
0
samaraaa
2011-04-21 00:34:45
Песня клааасс!!
0
Kylym
2011-05-03 16:48:48
Ыр жагымдуу экен, аа музкасына угуп атып бийлеп жибердим.Аида эже ийгилик сизге.
0
SOLITARY
2011-05-07 10:20:42
Я первый раз слышу эту певицу.Первое впечатление отличное. Желаю творческих успехов только!
0
Alimbaev
2011-05-09 03:51:50
Өткөндө айылга барсам 60ка чыккан аяаш атам Аида турмушка чыктыбы деп сурады , мен тан калдым Аидага чалдар да байкоо салат окшойт