Сезимдер учат куш болуп,
Сагынтып көпкө келбесең.
Бугумду басып турганда,
Кусадан ыйлайт терезем.
Кайырма:
Сунам ыр десте сагынган кезде.
Жүзүң албырып күйгөндө эсте.
Оң көзүң тартып койгондо эсте,
Жамгырлуу кечте.
Кубалап кайгы-капамды,
Кулпулап берчи санаамды.
Ыраазы кылып сүйүп кой
Ыр менен барган саламды.
Кайырма:
Байкабай айтсам атыңды,
Ойлорум сенде, билип кой.
Түшүңдөн түндө ойгонсоң,
Күткөнүм ошол, билип кой.
Кайырма:
Комментарийлер (15)
andormeda
2011-04-13 10:39:13
Клип деген тушунук бизге жете элек мезгилде тартылган тасма. Сюжет бар бирок ошо сюжетти коргозо билуу деген нерсе ноль болуп юбительский камераны алып туруп бир уй булонун, 1 кунун чагылдырып койгондой, сапат начар...бирок ошо кезектерде бизге шикарно корунчу ушул клип...
Ырына болсо соз жок, эн мыкты денгээлде аткарылган. Бек байкеге ыраазычылык!
0
lider-kg
2011-04-14 14:37:48
кимдин апасы комерсант болсо ушул ырды укканда ыйлайт болушкерек
казакстанга товар алып баражатканда автобуста ушул ырды койгондо баары ыйлашчуу
2002 2001 жылдар болушкерек
+1
Marmiladka
2011-04-14 16:48:17
Сонун ыр. Мектепте окуп жүргөндө мода болгон эле аябай.
0
sooqa
2011-04-15 15:47:09
Сунааам ыр дестее деп эле ичип алып ырдаган ыр
-4
carcanat
2011-05-11 19:26:55
anan emne silerge klubtarda je bolboso jarym jartylai chechinip tartylgan klip jagaby? je bayagy negirlerdin oturup alyp suilowkon yryndai bolsoda a silerge...
-1
sabirdinovich
2011-07-19 04:06:15
Клиптин мазмуну жакшы эле, бирок тартылган сапаты начар, балким кайра жаныртып, кошумчалап тартса мыкты болот беле? Ал эми Бек байкебиздин ырдаганына жана ырына соз жок, Мыкты!
0
udast2
2011-07-26 15:26:15
Бек байкенин ар бир ыры чын журоктон жаралса керек деп ойлой берем. Ар бир уккан адам берилип угат.
0
perchik
2011-08-05 15:02:04
Бек байкеге кудай талантты аябастан берген. Ырлары абдан уккулуктуу
0
ehvfn
2011-12-21 20:41:19
эн соонун!!!
0
zum-zum
2012-01-10 15:53:50
эн сонун !!!!
0
2012-04-28 15:56:53
ai ii ushul yrdy izdep jurdum ele kancha boldu uga elekmin sonun yr!
0
ayildik_kiz
2013-05-19 19:31:15
Ушул ырды укканда бир кездери мен да ыйлачумун , алыстагы ата апамды сагынып .....Ыр да клип да сонун...
0
ayildik_kiz
2013-05-19 19:33:41
Клиптин сапаты начар болгону менен белгилуу бир сюжетти жеткире берген.
0
altinim
2013-05-27 23:38:39
ырга соз жок , журокту эзет бирок мен тушунбойм неге аялы кетти эркеги уйундо калды же ошол жылдары аялдар коммерция кылыш керек деген закон бар беле
0
luna.kg
2013-09-04 16:31:44
Байкабай айтсам атыңды,
Ойлорум сенде билип кой.
Түшүңдөн түндө ойгонсоң,
Күткөнүм ошол билип кой.
Мага аябай жагат бул ыр!
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.