Zari Жалган сүйүү

Жүктөлгөн: 28-04-2011
03:51
23.13 Мб
Жанр: Поп
Zari "Жалган сүйүү"
Сүйөм дедиң көзүң айтат калпыңды,
Ойноп айттың, оюң дагы салкынбы?
Буга чейин алдаптырсың көп кызды,
Бул жолкуда бузат окшойм салтыңды.

Эркелебе, калпың калды билинип,
Күлүп койсом алдың го сен сүйүнүп.
Кара тизме жазып жүрөм жүрөктө,
Сенин атың калды анда илинип.

Кайырма:

Эркелетпе, эркелетчү сен эмес,
Сөзүң мага тамашадан бир элес.
Колун сунуп чуркагандар толтура,
Ашса ашат, бирок сенден кем эмес.

Жаным дедиң жалган айтып жалдырап,
Билем, бул сөз көп кыздарды азгырат.
Жылуу сөзүң жибитсе да жүрөктү,
Сүйө албайм, сезимимди камчылап.

Эркелебе, калпың калды билинип,
Күлүп койсом алдың го сен сүйүнүп.
Кара тизме жазып жүрөм жүрөктө,
Сенин атың калды анда илинип.
Комментарийлер (61)
dina
2011-07-07 20:12:16
клип тажатып жиберди, ырды бир, эки укса болот
+1
botokoz
2011-07-07 20:38:56
красивая Ужааасссссс го......!!!!и песня беспонт...кошмаррр кантип ушул ыр болсун кантип ушундай клип болсун?
0
sevinch
2011-07-10 13:57:11
Ырынын мааниси жок, жон эле создорду ыр кылып чыгарып койгон. Оригиналдуулук жок. Эми качан бизде шедевр ырлар жаралат болду экен...
0
aikoledi
2011-08-10 15:58:19
sevinch, сенин ойунча шедевр ыр кандай болуш керек .сен шедевр жаратып корбойсунбу
0
zevs
2011-07-15 04:06:35
etiyat bolgula bul kizdin kara tizmesine kirip kalbagila....
0
Aipesh
2011-07-21 12:18:17
козу сузулот да тимеле.бир нерсе чегип алгансып
0
aikoledi
2011-08-10 15:59:25
Aipesh, сен чегип алып ырдап корбойсунбу
+1
Asus84
2011-07-21 14:04:32
хахах кулдуросунорда, эмнеси болсо да ырдап салыптыр да мес сага деп, коро албагандарды тытындырып, мага жакты, 100 жолу уктум го
0
KURS
2011-08-14 17:13:11
бир кишиге сын такпастан ыймаанынарды бекемдесенер
АЛЛАХ ыраазы болушун тилесенер бир туугандар
0
dioro
2011-09-18 17:14:48
чий го тыртайып фигура деген 203020 хд)))
0
Azimo4ka
2011-10-08 17:19:05
Коз карашы коркунучтуу экен! Коздору айырмаланып турат экен. Ыры,клиби жакшы эле экен!

Арыктыгы укмуш экен.
0
марат
2011-10-08 22:46:51
жыланачтанбай койбоптур да сынып кетеби деп коркуп кеттим
0
Sanjarbratt
2012-03-13 16:57:01
эн негизгиси аракет кылган да
+1
NuraiNurdinova
2012-06-25 23:13:52
Zari super
-2
shari
2012-08-01 18:53:10
Олойун эгер клипке тушунсом, бир граммда тушунгонум жок.
0
ulbasson
2012-08-12 21:11:51
Уят !! чынында ужас
+2
Samara94
2013-08-25 01:06:20
Жакшы эле окшойт))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан