Аскат Мусабеков Бакыт дайрасы

Жүктөлгөн: 06-05-2011
04:15
65.26 Мб
Жанр: Поп
Аскат Мусабеков "Бакыт дайрасы"
Сөзү : Т.Актановдуку
Обону : К.Абыловдуку
Нарыным,
Күн-түнү күрпүлдөп толкуп-ташкан.
Агымың,
Күмүш жал күлүктөй күүлөп аккан.
Ат арытып,
Алтайдан эр Манас, ата-бабам.
Ыйык тутуп,
Мүрөктүн суусу деп сени тапкан.

Кайырма:

Шаң менен,
Шарпылдап агасың капчыгайдан.
Көрк талашып,
Турасың нур чачып көктөгү айдан.
Түбөлүк,
Кыргыздын канындай жүрүп турган.
Жарыгың өчпөс,
Шам экен ыйыгым, Нарын дайрам.

Күүлөнүп,
Күү чертип көбүрөт тунук шарың.
Ыргалат,
Булбулу сайраган кайың-талың.
Пейили кенен,
Ырыстуу эл менен өсүп жатат.
Бала шаарым,
Жээгиңде жаркырап көрктүү Нарын.

Кайырма:

Нарыным,
Чөл, талаа сен менен гүлгө айланат.
Агымың,
Нур чачат, сен менен күнгө айланып.
Сүйүүм күчөйт,
Өзүңө күн сайын сугум артып.
Ар бир ырым,
Баратат сени менен күүгө айланып.

Кайырма:

Нарыным,
Бак-таалай кут болуп ага берсин.
Агымың,
Күүлөнүп күч-кубат ала берсин.
Укумдан-тукумга соолубас өмүр берип.
Кылымдап агып,
Кылымга от болуп жана берсин.
Комментарийлер (31)
2011-05-11 23:38:11
Super!
+1
ABU
2011-05-12 00:19:10
Абдан сагындым! Нарыным - алтын бешигим!
унуно соз жок, мыкты ырдаптыр - баракелде.
0
azulya
2011-05-12 13:58:51
Аскаттын уну керемет! Азамат!!!
0
Kirgizjigit
2011-05-17 20:11:17
gujunpo:Narynda chyn ele aeroport barby??? Oz elinde, oz jerlerinde emne bar emne jok ekenin bilbegendigin eje araket kylbagandygyna jol bolsun.
0
Nuray
2011-06-10 02:15:40
Уну абдан жакшы экен, бирок клип экоо бир-бирине коп тиешеси жок болуп калыптыр. Тиги супсак сулуудан башка эле жылдыздуу кыз тапсанар болмок, кызды соз жок кошкунар келсе, подиумга ылайык кызды албай...
...Аскат мырза, абдан жакшы жасаныптырсыз, жаратылышка жарашпай калыптыр. Кыскасы, кыз экоонор бул клипте "озунчо эле" ))

А унунуз фолклордук, жакшы ун экен, ийгилик сизге!
0
Perfekt
2011-06-29 16:20:38
Naryndy,At-Bashyny ajbai sagyndym.
0
Talant_89
2011-09-11 19:15:50
Oo baike kyiynsyn da negizi, jakshy yrdaptyrsyz, At-Bashylyktar, anyn ichinde Ak-moiunduktar kyiynbyz da!!! Naryndy abdan sagyndym!!!
0
Talant_89
2011-09-11 19:24:57
Kyrgyzymdyn jerindei da jer, elindei da el jokgo ech jerde. Botoncho Naryndyktardyn peiili abdan ele chon da. Aiabai meiman-dos kelet!!!
0
Bacitgul
2011-09-13 14:04:19
Клипти коро албай атам!!!
0
Bacitgul
2011-09-13 14:05:19
Аскат Мусабековдун унун тамшануу менен угам.
0
aia-s
2011-09-30 18:23:41
нарында эмнеге аэропорт? кичине кезде таята тайэнемдер менен уччубуз да... аскат молодец
0
erbolkaliya
2011-11-03 16:20:03
Кыз ашыкчалык кылыптыр.Аскатка данк!
0
babylove90
2012-01-24 10:48:35
Нарындан баштап Токтогулга чейин барып тартылган экен,расход коп кетсе керек,жакшы болуптур.мааниси жок сюжеттерге караганда
0
Nurik.90
2013-04-25 20:35:58
жакшы экен голосу зорго я
0
dj9694
2013-08-11 18:46:08
молодец ырын сонун болуптур ийгилик сага
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан