Татына болуп көздөрүмө көрүнөсүң,
Апакай болуп бир өзүнчө чүрөктөйсүң.
Суктанып мен ой көлүнө чөмүлөмүн,
Асылым, ай жүзүңө.
Жылдызындай жымыңдайсың көз алдымда,
Тартасың сен махабаттын булагына.
Арбалып мен бир өзүңдүн кучагыңа,
Байландым тузагыңа.
Кайырма:
Кара көзүм, карегиңден айланамын,
Кара көзүм, күндөй болуп татынасың.
Сезимдерим учат сага алоолонуп,
Жүрөгүмдө сенсиң, менин махабатым.
Мөлтүрөгөн көздөрүңө суктанамын,
Ак куудай сенин ажарыңа багынамын.
Көздөрүңө тик карабай тайсалдаймын,
Кара көз, бир өзүңө.
Ырдасам мен ырларымды сага арнаймын,
Жүрөгүмдө жалын болуп сен жашайсың.
Карагаттай көздөрүңө арбалып мен,
Асылым, ай жүзүңө.
Кайырма:
Кара көзүм, карегиңден айланамын,
Кара көзүм, күндөй болуп татынасың.
Сезимдерим учат сага алоолонуп,
Жүрөгүмдө сенсиң, менин махабатым.
Комментарийлер (48)
melashka
2010-12-12 18:17:11
мага Дайырдын ушул ыры аябай жакты тынбай эле угам ,уккан сайын уккум келет,молодец!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
0
ilgez
2010-12-13 13:55:39
кайсы сайттан кочурууг мумкун??
0
Gulshan
2010-12-15 19:22:53
Сууууууперррррр!!!!!! Молодец Дайыр, ты оооочень талантлив!!!!! продолжай в том же духе!!!
0
priyatnaya
2010-12-20 11:12:41
оооооооооо я Дайыра обожаю...
0
Burabiya
2010-12-24 19:08:35
супер ремикс болуптур, мага жакты! ийгйлик сага
0
Romantic
2011-01-06 00:09:39
jakwy eken
0
Realist
2011-01-12 15:52:54
Ваааааше шикарно го!!!
0
Kamyt
2011-01-24 20:35:54
Укса болот
0
BIMO
2011-01-28 00:05:26
очки класные
0
BIMO
2011-01-28 00:07:10
извените а что озночает слово " тайсалдаймын"?????????????