Гүлнур Асанова Бегимайдын ыры

Жүктөлгөн: 11-05-2011
03:51
23.32 Мб
Жанр:
Гүлнур Асанова "Бегимайдын ыры"
Сөзү : А.Чойбекованыкы
Обону : С.Жумалиевдики
Таң кылайып чыгыштан аткан кезде,
Талаа-түзгө күн нурун чачкан кезде.
Мезгил торун тынымсыз токуй жүргөн,
Мээнеткеч күн түнөккө жаткан кезде.
Махабатым сизге арнагам...
Махабатым сизге,
Тагдырымды сизге арнагам.

Бүлдүркөндөр ширесин төккөн кезде,
Бүркүт шаңшып асманга учкан кезде.
Саамайларын сеңселткен ак кайыңдай,
Сагынычтар туш-тушка учкан кезде.
Тагдырымды сизге арнагам...
Тагдырымды сизге,
Махабатым сизге арнагам.

Жемиш бактар ширесин төккөн кезде,
Бал аарылар гүлдөргө конгон кезде.
Кусалыктан кубарып ак жүзүбүз,
Арабыздан көп күндөр өткөн кезде.
Махабатым сизге арнагам...
Махабатым сизге,
Тагдырымды сизге арнагам.
Комментарийлер (19)
kuttum seni
2011-05-13 01:30:54
Соз жок! СУПППППППППЕЕЕЕР...
0
damusya
2011-05-13 02:32:32
kyzdyn koluna emne uchun dombrany berip koyushkan...? komuzdu oinotup koiso bolboit bele?!
0
samsonbek
2011-05-13 20:33:16
Кыз казак болсо керек , сценарий боюнча, ошончун домбураны кармап турат
0
Baymomun
2011-05-14 09:22:56
Кыргыздар негизи улуу, аруу сезимдерге бай эл, бузукусу жок, таза.
0
peach
2011-05-14 11:32:00
damusya,"Mahabat dastanynda" Begimai kazak kyzy Raimaly kyrgyzdy suiup yrdagan..Raimalynyn yry bolso komuzdu alip bir uluuraaak kishi turmak.
0
Tima11
2011-05-17 13:41:21
Абдан мыкты! Соз жок!
0
arlekino
2011-05-18 12:50:18
Жакшы...
0
Aipesh
2011-05-29 14:28:15
Мен калп айпасам бул кыз актриса беле. жакшы болуптур бирок кыз мага жакпайт.менимче
0
kyrgyzstan996
2011-06-03 15:42:04
Ыр жашкы болуптур. Жанына Раймаалыны да кошуп алса сонун ыр болмок.
0
TAKE
2011-06-11 02:03:24
Оо менин группалашым турбайбы жакшы ийгилик
0
bavariy
2011-07-08 09:16:41
молодец!!!
0
zontik
2011-08-03 17:00:14
Гулнур Асанова,сага кыргыз кийими абдан жакшы жарашат экен.Назгуль)))))))))))
0
aiha1988
2011-10-11 00:44:01
жакшы
0
Kamilacan
2011-11-02 20:07:33
Унун ушул ырга топ келишиптир,улуттук кийим да сонун жарашыптыр.
+2
Sulukan
2012-03-31 02:09:44
сооооооооооонун ыр эээ
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан