Абир Касенов Асыл тумарым

Жүктөлгөн: 12-05-2011
03:42
55.73 Мб
Жанр: Поп
Абир Касенов "Асыл тумарым"
Ай чыкты нурун төгүп,
Аймалап жүзүң өбүп.
Айлуу түн бизге жарашып.
Түн турат ойго чөгүп,
Түн чүрөк сени көрүп.
Сүйөмүн сени жанымдай,
Кетиргим келбей жанымдан.
Жүрө албаймын сагынбай,
Күн санап күтөм.

Кайырма:

Асыл тумарым канбай кумарым,
Асыл тумарым,
Көздөрүңө мен багынып,
Сени сагынып.
Асыл тумарым айтчы угайын,
Сырың жашырбай...
Асыл тумарым канбай кумарым,
Асыл тумарым,
Көкүрөккө мен тагынып,
Сага жалынып...
Асыл тумарым тартам убайың,
Менден жашынба...

Жүрөгүм сен деп согуп,
Жүрөмүн куса болуп,
Жүзүңдү бир көрө албай.
Карап кой көңүл коюп,
Калбайын сенсиз соолуп.
Сүйөмүн сени жанымдай,
Кетиргим келбей жанымдан.
Жүрө албаймын сагынбай,
Күн санап күтөм...

Кайырма:







Комментарийлер (25)
Demon
2011-05-15 05:46:28
баягы эле кыз жигит болуп тартылган катардыг клиптердин бири, эч кандай озгочолугу деле жок болуп калыптар, бул ырга башкача клип тартылаарын кутком ... эх десе жакшы эле ыр бирок ...
0
Tokmok
2011-05-15 13:02:09
Klip jakkan jok :(:(:(
0
Адвокат
2011-05-22 18:03:11
Азаматсын! Бардык угуучуларга жагуу мумкун эмес, ошондуктан, анча-мынча айтылган создорго капаланба. Менин жеке оюмча баары эн жакшы! Ийгилик!
0
Salima
2011-07-14 08:39:47
Кичине онгдуу жигиттер чыга баштады, конкуренция деген жакшы нерсе! Ыры да клиби да уже полнопрофессионалдуу десе болот!
Ийгилик Абир!
0
musulmano4ka
2011-08-21 09:17:50
Ммм люблю тебя и песню тоже))ты просто красавчик и супер!!!!
0
mirgulxan
2011-09-23 00:25:55
Абирдин баардык ыры аябай жагат
0
lizamak
2011-10-05 20:36:25
апей клип жакшы бирок кантип ал жаны.?!.эгер кышта тартылган болсо???...
0
Polukrovka
2011-10-08 21:54:17
=0! не плоха))
0
seziko92
2011-10-17 03:04:05
уну аябай жакты
0
saki_kg
2011-10-17 17:24:52
анча жакпады...
0
Schatz
2011-10-24 01:36:02
abdan sonun,unun ukkuluktuu eken...stil' sonun. Klip bir az nachar
0
Danuna
2011-11-03 12:51:23
Клипте Абирдин үшүп жатканы даана эле көрүнүп калган. Сөздөрү да ооздоруна дал келбейт. Шашпай эле, деталдарына көңүл буруп тартышса болмок.
0
stargirl
2012-02-08 00:29:40
pesnya super vawe slov net on u menya na zvonke stoit
0
raku
2012-03-01 11:19:38
Абдан-абдан жакшы кором Абир Касеновду!!! Дагы кобуроок ырларды чыгарсакен.
0
nazmar
2012-12-21 14:20:49
абирге туура келбей калган кыз куник эле экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан