Замир Арыкбаев Апаке

Жүктөлгөн: 18-05-2011
04:12
69.58 Мб
Жанр: Поп
Замир Арыкбаев "Апаке"
Сөзү : Ж.Жумакадырдыкы
Обону : З.Арыкбаевдики
Ааламга таанытып көзүмдү,
“Апа” деп кубантып өзүмдү.
Ар убак арнадың мен үчүн,
Алтынга алмашкыс кезиңди.

Сагынсам, алдыңа барам жай,
Сапардан кайтуучу адамдай.
Санаада жүрөмүн, апаке,
Сага арнаар бакытты таба албай.

Күнүмсүң нур чачкан асманда,
Гүлүмсүң кумарым артканга.
Кымбатым, тамырым өзүңдө,
Кыйналам сен түйшүк тартканда.

Өкүнбөс өмүрлөр аз экен,
Өзүң бар көңүлдөр жаз экен.
Өткөрүп бактылуу күндөрдү,
Өмүрлүү боло көр, апаке.
Комментарийлер (15)
karabaev
2011-05-18 11:11:17
апа деген соз озу ыйык. Ата-энеден отоор байлык жок. Кана ошо жаш кезимдеги маалга келсем
0
Gumaw
2011-05-18 19:43:17
Эгер Энелердин омурун узартуучу дегенле эч качан олбос кылып койчу мурок суусу болсо мен да азыр чыгат болчум эч нерсени ойлонбой туруп, карьера, уй булоо баарын таштар бир гана
немдин конулун алыш учун чыгат элем.мейли ал машакаттуу жол болсун !!! эхх бар бекен Мурок суусу!!!???
0
SOLITARY
2011-05-19 08:14:26
Медиа-порталдан коптон бери ушундай эн жакшы сапаттагы клиптери коро элек элем.Аябай жакшы САПАТТАГЫ клип, мааниси, ырдоосу эн бийик денгээлде турат экен.Апа деген кандай гана ыйык соз. Гумаш айтып кеткендей мен да апам учун Мурок суусуна эч нерсенин карабай барат элем.Бирок азыркы биздин заманда башка нерселер менен эле карасак болот го.М:сыйлоо, урматоо,конул буруу, дегеле айтпа..эх...рахмат Замир байке..
0
Nura
2011-05-19 09:18:34
Чын эле ушундай мурок суусу деген болгонбу,же бул жон эле уламышпы?,
А Замир Арыкбаев жон эле АЗАМАТ экен да, ошол сууну ыр менен алып келип берген!! Ардайым ар бирообуздун асыл адамдарыбыз апаларыбыз бар болсо экен, анан албетте, алардын ыйыктыгын даназалоо биздин милдет!!.
+1
Zulya2
2011-05-19 10:08:55
мен ушул жык ырчылардан Замир байкени озгочо баалайм,ырлары да, озун алып журушу да маанилуу.Замир байке азаматсыз АЛГА!!!
0
Jashoo
2011-05-19 12:47:15
Абдан жакшы тартылган клип, ырдн мааниси дагы абдан маныздуу. Ийгилик каалайм !
0
lira
2011-05-20 08:59:28
Apalardyn omyry uzun bolsun!
0
ABU
2011-05-21 09:25:48
Апаке апаке апаке! Замир байкебиз сонун ырларды жана клиптерди бизге тартуулайт да, ийгилик сизге.
0
er777
2011-05-23 13:11:07
Атан олсо эрке жетимсин, Энен олсо тоголок жетимсин.
"Эне" жана "Апа" деген созго не жетсин айткылачы туугандар. Эне пенсиясы менен багат балдарын бала миллиону менен да кээде элементарный нерсе жасай албай келет.
0
TAKE
2011-06-11 01:53:06
Менин АПАМ айыгып кетсе экен кудайдан суранам Замир ийгилик
0
ROZI
2011-06-27 10:46:08
Мыкты ыр, мыкты клип! Бар болунуз Замир байке!
0
cosmopolit
2011-07-01 21:43:32
дааа сонун!Апалар ар дайым бар болушсун!!!
0
Salima
2011-07-14 08:36:33
Азамат Замир! Абдан жакшы жана абдан жагымдуу ыр жаратыптыр, клиби да жарашыатыр!
0
almagul
2012-06-15 01:59:02
жакшы ыр болгон мага жакты ийгилик замир
0
Marinka
2012-11-15 00:21:37
Эн жакшы, козумо жаш айланып кетти...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан