Топ кыздардын арасынан,
Көзүмө эле көрүнөсүң.
Байкап мен башта сени жүргөм,
Ай болуп төгүлөсүң.
Күлгөнүң мөлтүр тунук булак,
Кулпуруп гүлдөй өңдөнөсүң.
Кайырма:
Жаным, жаныңа эле барсамбы,
Сүйөм деп айтсамбы?
А бирок айтуу кыйын,
Муңайып кайтамбы?..
Эх, сулуу, сырларыңды ачсаңчы,
Ай, жылдыздай жансаңчы.
Жомоктогу чүрөк сымал,
Периштеге айланчы.
Көркөмүң көздү суктандырып,
Койкоё басып керилесиң.
Койдуң го салып мени ойго,
Ак куудай мага сезилесиң.
Тартылып, жаным, бир өзүңө,
Ашыктык отко берилемин.
Кайырма:
Мажбурлап тунгуюкка түртүп,
Азапка салдың мени кыйнап.
Махабат дастанындай болуп,
Калбасын ак сүйүүбүз сыздап.
Басалы кол кармашып бирге,
Өмүрдүн өрүн көздөй урап
Кайырма:
Канчалык ойлонсом да,
Жүрөктөн толгонсом да.
Билбейсиң неге,
Сезбейсиң неге сүйүүмдү, жаным?
Кайырма:
Комментарийлер (47)
Ayat
2011-08-30 19:54:51
Ai ushul bala ozu ele Mykty bala, Saga 5 emes 10 upai
0
REKETIR
2011-09-01 03:03:14
мына ырчы деген ушундай болсо керек (СЫЙЛАЙМ)
0
Pakal
2011-09-06 09:40:12
Клиптеги кыз мыкты актриса экен. Ким деген кыз бул? Телефону же электрондук почтасы барбы? ким билет? Жагып калды, тоюс суйуп калдым... :)