Омар Энекем

Жүктөлгөн: 23-05-2011
03:05
62.38 Мб
Жанр: Поп
Омар "Энекем"
Сөзү : А. Өмүркановдуку
Обону : А. Керимбаевдики
Энекем, энекем, энекем,
Дүйнөдө теңдешкис берекем,
Мен дагы дени сак болоюн, ай,
Оорубай жүрө көр сен эсен.

Болсом да атасы баланын,
Өзүңө дагы эле баламын.
Үшкүрүп каласың, алыска, ай,
Үйүңдөн узаса карааным.

Жашоого от болуп жагылдым,
Жаңылдым, чагылдым, кагылдым.
Мен эми эч кимден таба албас, ай,
Энелик мээримиң сагындым.

Кырсыктан колдогон тумарым,
Кыйшайсам түзөтүп турарым.
Кырк жылга кабарсыз кетсем да, ай,
Кыйкырып алдымдан чыгарым.
Комментарийлер (78)
KG_sTaN_eS
2011-08-17 18:22:27
Азамат Омар эн жакшы ыр, +11
0
zarinchik
2011-08-20 21:39:45
МОЛОДЕЦ!!!!!ОМАР!!!ТЫ просто СУПЕР!успехов тебе!!!настоящий певец нашего времени!!!
0
Дикуся
2011-08-23 16:51:24
Азаматсын Омар эски ырга мыкты жан бериптирсин сунер дегенден башка соз жок. Клибине-5.
0
snejinka
2011-09-08 13:58:18
ыр-дын мааниси абай сонун, бирок клип-ото женил тартылгандай (не соответствует глубоким словам-типа "Жашоого от болуп жагылдым,
Жаңылдым, чагылдым, кагылдым".ИМХО) Апасын жалгыз тоого жашатып койбой эле-бир айылдан тартышса болмок...
0
Nargiza.M
2011-09-10 20:25:50
Омар алдыда да коптогон ийгиликтерге жетишине тилектешмин...Биз сени менен сыймыктанабыз....
0
aminali
2011-09-12 02:04:49
Ырга го сөз жок сонун,бирок клибинде апасын жалгыз кылып койгону туура эмес болгондо да тоодо,анча мынча кошуналарды кошуп койсо болмок.
0
Azimo4ka
2011-09-17 20:46:23
ммм, жакшы ырдаган бала экен.Мен Кыргызстандан кетип атканда,Султан Садыралиев,Ильяз Абдразаков,Темир Назаров деген ырчылар жаныдан чыгып абдан атактуу болуп атышкан.Азыр карасам ырчы деген укмуш коп болуп кетиптир,бирок алардын ичинен Омардын ырлары,клиптери кызыктуураак экен,бирок байкасам кобунчо ырларынын композитору Ильяз Абдразаков экен (Азамат!), а озу ыр жазбайт окшойт? Бул клибинин сценарийин озу жазган окшойт (таарынбастыр),идеясы жакшы,бирок даана ача алган эмес клибинин маанисин.
0
Bacitgul
2011-09-22 15:46:41
Азаматсын Омурбек
0
narke1812
2011-10-15 22:19:33
азаматсын омар
0
ulaAjidar
2011-10-22 00:55:06
Азаматсын,ийгилик сага.........
0
nukesh
2011-12-07 17:16:01
Соонун ырдаган ушунчалык укулуктуу Омар сен азаматсын менин да сага окшогон копия жееним бар.талантын ташкындай берсин
0
ainura220888
2011-12-12 02:43:40
Кырк жылга кабарсыз кетсемда, Кыйкырып алдымдан чыгаарым, деген жеринде Токтогул Сатылгановдун киносунда Токтогул Сибирден кары киши болуп келсе апасы козукор болуп журта жалгыз калган болотго ошол козумо элестетип ыйлагым келип кетет. Эне деген энеда алдейинен ак суту менен кошо жыты мурдубузга синип эне деп жашайбыз менда апамы сааагындым((((((
0
Ханбийке
2012-01-18 01:53:41
супппппппппппппппппппппппер
0
nuradyl88
2012-02-07 16:24:54
МЫ молодежь КР любим и уважаем творчество Омара,
недаром он достойно представил нашу страну,и получил достойную награду.
0
tavsan
2012-02-22 02:28:59
Slov net.Ty samyi luchshiy!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан