Гүлнур Асанова Күтүү

Жүктөлгөн: 07-06-2011
03:18
19.83 Мб
Жанр:
Гүлнур Асанова "Күтүү"
Сөзү : М.Бөкөевдики
Обону : М.Бөкөевдики
Сейилдеп жай гана, жүрөмүн айылымда,
Секетим жанда жок, көңүлсүз айлана.
Күтөмүн сагынып, сүйүүгө багынып,

Күлмүңдөп жылмайган жүзүңө зарыгып.


Эргиген ой менен кыңылдай ыр жазам,

Жалгыздык жай алып, капалуу айланам.

Күтөмүн күү менен, жылдыздуу түн менен,

Үн катып койсоңчу эң назик үн менен.


Бүркөлүп булуттай, жамгырдай жаш алам,

Бугумду билгизбей булуттан жашырам.

Күткөнүм сезерсиң, сүйүүмдү билерсиң,

Бүт сүйүүм толкуса, кечикпей келерсиң.
Комментарийлер (49)
aizat85
2011-07-09 16:41:57
Чын эле ото ачылып кетиптирсин, бир аз жашырып койсон болмок. Элди билесин го, кичинекей нерсени тоодой кылып айтышат, ошентсе дагы сага ийгилик!!
0
merikeit
2011-07-14 11:26:00
норм ыр
0
Prokuror
2011-07-14 15:37:39
ksb, кимдин токолу болсо да жеке жашоосуна киришип не кереги бар. бизге талантын тартууласа болду да, жеке жашоосу сага сахна эмес да!
0
adjarec
2011-07-25 09:56:51
Tuura tushungulo, myndai yrdagandar toltura. Alardyn arasynda dele juro berse bolot Gulnurga. A birok komuz menen yrdaganda, ech kimge okshoboi, ozgocho syuidyn ustundo jurmok bul kyz. :)
0
Барби
2011-08-17 19:08:37
Клип деп мен деле эсептебейм. Койнокторун алмаштырып эле ырдап койгон. Бирок унундо соз жок. Мундуу ыргактарды жакшы алып кетет.
0
aimas
2011-08-18 16:43:17
фантастика, жакшы ырдайт экен.
0
myskal-90
2011-08-26 23:01:23
Super! sonun yr eken! kozdoru bir bashka!
0
adi-meka
2011-10-03 16:12:34
Болсо-болсун ишинер эмне!Аман эле бол кыргызым,бири-бирибиздин 1жагыбызды ачкандан болок эчтеке билбейбиз.Орусча дооругондорго карагадарга жакшы эле,жакшынакай,кыргыздын кызы!
0
maradona
2011-10-04 13:19:54
Мындан коп жыл мурун мен маршруткага тушуп калдым ошондо сени комузун менен коргом. Сенден коз албай уурданып карай бердим. Сен караганда нары карайм. Сен копко сурдуу карадын. Сени менен бирге барып таанышкым келген бирок сурдонуп бара албадым. Кийин интернет клубдн кордум сенин жанында отурдум. Анда дагы тааныша албай калдым.
0
tina-janka
2011-11-29 17:26:09
силерге кийими чачы кандай екени баари бир емеспи??!!унун укпай жатасынарбы??батыштын ырчылары уну жок еле жыналач журушпойбу "ырдап"... биздикилерге качан еле бир нерсе жакчу еле???
0
nur_mus
2011-12-07 08:37:11
молодец Гульнур! дайыма алга жана алга, биз сени жакшы коробуз, эч талбай эмгектене бер!
0
Bishkek
2011-12-07 22:12:40
чачы сонун эле болуп.турат силердин ойунар менен чачын жайып,кыска кийип кочого чыгып ойсондоп ырдаш керек беле.ичинер куйсо туз жалагыла.гулнур сага алга кыргыздын сулуусу деп сени айтса болот
0
Erlan_89
2011-12-19 12:05:01
Жакшы ыр...
0
tolkunkg
2013-03-25 09:48:03
Гулнур ежеке соонун ырдайт анын чыгармачылык жолу оркундой берсин сиздин айабай соонун жагымдуу обонунуз бар мен аны суйуп угам сизди сырткы кел бетиниз ички кел бетиниз баарысы соонун ежеке бар болунуз бай болунуз еки дуйно бактылуулукту корунуз сизге аллбан албан ийгилик ежеке Сиздин куйарманыныз ТОЛКУНБЕК КОШАНОВ БАТКЕНДЕН ийгилик дагы бир жолу чыгармачылык талантыныз оркундой берсин
0
tolkunkg
2013-03-30 13:40:59
ах Гулнур ежекени коргондо негедир озумду жакшы сезип калам аябай жагат баары жогу суйлогону кыскасы торт тарабы топ келген айым баракелде сизге еч жолунуздан тайбаныз ушу жолдо бутка туруп оркундоп кетуунузго тилектешмин ежеке бар болунуз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан