Фархат Кеңешбек уулу, Азиза Бактылуу сүйүү

Жүктөлгөн: 10-06-2011
04:14
25.27 Мб
Жанр:
Фархат Кеңешбек уулу , Азиза "Бактылуу сүйүү"
Сөзү : М.Байсабаеваныкы
Обону : Ф.Кеңешбек уулунуку
Баарына даяр, мен баарына даяр сиз үчүн,
А билбейм, сулуу, сулуу кыз жашайт ким үчүн?
Даярмын мен да, даярмын мен да сиз үчүн,
Сүйүүнүн жолу кең болсо экен биз үчүн.

Жүрөгүм дегдеп, жүрөмүн издеп перини,
Ал пери менин жүрөк отумду сездиби?
Баарына даяр, мен баарына даяр сиз үчүн,
А билбейм, сулуу, сулуу кыз жашайт ким үчүн?

Сезбейин кантип, сезбейин кантип сүйүүңдү?
Жылдыздуу жигит, кабыл ал менин сүйүүмдү.
Даярмын мен да, даярмын мен да сиз үчүн,
Сүйүүнүн жолу кең болсо экен биз үчүн.

Артыңдан барып, аңдып бир сизди жүрөмүн,
Көңүлдүн ээлеп, ээлеп бир алдың түнөгүн.
Сулуу кыз, эгер, сулуу кыз, эгер түшүнсөң,
Бир сиз деп өмүр, бир сиз деп өмүр сүрөмүн.

Жолуңду карап, жоругуң эстеп күлөмүн,
Келсе деп сени, күнү да, түнү күтөмүн.
Жылдыздуу жигит, жылдыздуу жигит, түшүнсөң,
Бир сен деп кагат, бир сен деп согот жүрөгүм.

Бактылуу сүйүү, бактылуу өмүр жаратып,
Сүйүүнүн сырдуу багына барып конолу.
Айрылып калбай, адашып калбай өмүрдө,
Жашоодо бирге, сүйүүдө бирге бололу.
Комментарийлер (9)
Arstan
2011-06-11 02:17:37
Азизанын уну озгочо, жакшы ырдайт негизи,жакшы ыр экен.
0
Owol
2011-06-11 16:06:58
jakwy yr eken maga jakty Asamatcynaaaaar ))))))).
0
jamalenok
2011-06-11 23:38:03
мага аябай жагат ушул ыр хотя эски ыр болсо да)))
0
filip
2013-09-11 20:59:50
jamalenok, бул эски ыр эмес орусча ыр которгон
0
janarbek1b
2011-06-13 00:05:35
сонун ыр
0
smallka
2011-06-14 10:39:39
Жакшы ыр, бирок тан калам да. эмнеге "В главных ролях" дайыма ырчылар оздору болуп алышат? Азизанын суйлошкон жигитиндей эмес, байкесинин баласындай эле болуп калыптыр. Башка бааны же башка кызды тандаса болмок.
0
merikeit
2011-06-17 20:28:46
жакшы ыр...
0
gwen
2011-08-08 04:29:32



+555
0
Obama
2011-10-12 18:39:29
Кросовер Фархат алга,Фархат алга!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан