Замир Мырза Өзүң деп

Жүктөлгөн: 01-07-2011
04:02
73.41 Мб
Жанр: Поп
Замир Мырза "Өзүң деп"
Сөзү : Алтынбек Алымовдуку
Обону : Замир Мырзаныкы
Карагат көзүңө, кадалып өзүңө,
Тамшанып тойбоймун,
Күлкүң толкуп көңүлдө.
Сезилет жомоктой,
Серпилген чачтарың.
Ирмелип кирпиктериң,
Ийилет го каштарың.
Гүл болуп ачылган,
Нур болуп чачылган.
Көз салып артыңдан,
Жүрөм сага ашыга.
Күндөгү чүрөксүң,
Жылдызды жазданган.
Бийиксиң кол жеткис,
Бийлеп жүрөк назданган.

Кайырма:

Кучагымды жайдым,
Чакырдым махабаттын шаарына.
Кумарымда айдын,
Бөлөнөсүң түн асманымда.
Кулачымды жайдым,
Таң жок сен менен тоскон,
Ак таңымдай...
Өзүң деп мен калдым,
Өзүң деп...жалгыз өзүң деп...

Ажарың бир сулуу,
Көктөгү булуттай.
Ак куудай жүзүңдү,
Жүрөмүн да унутпай.
Сезимди козгогон,
Секетим ардагым.
Жүзүңдөн нур болуп,
Бүт дүйнөмдү арбадым.
Эзилет жүрөгүм,
Эркимди баса албай.
Сүрдөнүп өзүңдөн,
Жандап кадам бара албай.
Катылган сыр болдуң,
Ачылбай каламбы?
Жел болуп артыңдан,
Жетпей аттиң кыламбы?

Кайырма:
Комментарийлер (38)
Jiza
2011-08-04 16:19:26
Бул ыр Замирдин стилине абдан жарашат. а клип орто. негизи Замир башкаларга караганда жылдыздуу ырчылардан. Бирок айырмдар айткандай олуттуу стилге кобуроок конул бурунуз..
0
iam
2011-08-15 18:03:07
мага ыры да, озу да, клип да жагат. копко издегем, рахмат жуктоп койгонунарга.
0
snejinka
2011-09-23 12:05:17
Замир Мырзаны негизи "стильный" ырчылардын бири деп эсептейм...ыры жакты....клип мыкты денгээлде деп ойлобойм, бирок вообщем +5
0
Rooshan
2011-09-23 12:54:18
эн жакшы коргон ырчым,ырлары аябай уккулуктуу,аялынын аты дагы Жаныл Мырза экен,ошол чынбы?западный стильди туураптыр дейт,элестет ушул ырды чепкен,колпак кийип ырдап жатканын,жон эле дооруйт десе эле дооруй беришет,еще расти и расти до его уровня
0
Rooshan
2011-09-23 12:55:58
P.S.калпак
0
Krizi
2011-09-24 15:57:24
Maga Zamir Myrzanyn yrlary abdan jagat. On MOLODEZ.Talantlivyj.
0
Kyzsaikal
2011-09-29 21:09:15
Super Zamir menin joldoshundun dosu bolot,aiabai munozu jakshy,kichipeyil,adamkerchiliktuu iygilik saga Zamir.kyzyn Raianany oop koi.
0
ast
2011-10-12 03:33:16
супер
0
Maral-kg
2011-10-19 10:17:33
Клип орто, Замирден өзгөчө клип күткөм. Клиптин башындагы кыздын ич көйнөктөй болгон кызыл көйнөгү жаккан жок.
0
luckyboy
2011-12-18 15:13:08
супер нет слов
0
Sultanbekovdor
2011-12-30 00:24:42
ооооооооооооо.................
ЭЭЭЭЭРРРРКЕЕЕЕКККККК!!!!!!!!!!!!!
0
moonray
2012-02-13 22:36:59
Обажаю эту песню! Клип тоже хороший!
0
aykani
2012-02-17 03:14:11
Aisuluu zdes' takaya milashka)))
0
anonim
2012-04-19 20:20:34
клип просто супер. а ваш стиль еще круче!
+1
rokossovetz1987
2012-05-02 06:18:39
Тем кому не нравится то что снимают сейчас и поют,наверно они хотят увидеть дискотеку 70-х. Алло щас 21 век,очнись. Не нравится так и не слушай,зачем нерв тратить? И не комментировать прошу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан