Замир Мырза Сүйүүгө таазим

Жүктөлгөн: 08-07-2011
03:39
56.06 Мб
Жанр: Поп
Замир Мырза "Сүйүүгө таазим"
Сөзү : А.Акбаровдуку
Обону : К.Артыковдуку
Балбылдаган көздөрүңдөн,
Неге шоола чачырайт?
Кызгалдактай эриндериң,
Сезимиңди жашырат.
Кызыл алмам, ээлеп алдың,
Кыялымды, түшүмдү...
Нөшөр болуп,
Кусалыкты жууп өтчү батыраак.
Назик, мукам күү өңдөнүп,
Төгүп койчу күлкүңдү,
Ыр сунайын бир өзүңө,
Махабатым тартуулап.

Жаркыйт көңүл сени эстесем,
Чар тарабың гүл жайнап.
Жалын болуп жанат жүрөк,
Махабаттын өртүнөн.
Азгырасың жан дүйнөмдү,
Ак кайыңдай бүр байлап.
Ай нурунда кыялымда,
Терезеңди өпкүлөйм.
Жашыл жазым кышка айланат,
Бирок сүйүүм кыярбайт.
Жоогазындай жаштыгымды,
Саргайтпачы, өтүнөм.

Көздөрүмө сүрөт болуп,
Элестериң байланып.
Көрүп турам, жаным, сенден,
Кайталангыс сулуулук.
Коштоп келем сени жандап,
Өмүр бою айланып.
Күн өңдөнүп а сен мага,
Чачып турчу жылуулук.
Өзүң барда түндөр сулуу,
Дүйнө сүйкүм, ажайып.
Өмүрүмдү бүтүн бойдон,
Сунам сага ыр кылып.
Комментарийлер (29)
ХАНЗАДА
2011-07-13 14:27:14
Сонун ыр, мыкты клип болуптур. Кызыл алма, эх, ушул кызыл алма. Кызыл алманы мен да сагындым...
0
monchok
2011-07-14 22:55:41
жакшы клип экен!клиптеги кичинекей бала Эрнис Борубаевдин баласы болсо керек.
0
mira85
2011-07-15 06:58:22
jakshy!!!
0
dindilin89
2011-07-17 23:39:30
Клип аябай сонун экен! Замир озу эле такыр жакпайт да.
0
jaina
2011-07-19 09:10:24
Охо, сонун клип болуптур.Замир катуу иштеп баштаган го, жакшы-жакшы...Мааниси да сонун экен клиптин, аягы да бактылуу аяктаптыр))))
0
Jeki
2011-08-17 12:19:19
Cонун ыр экен ырдагын келет укканда. Клип дагы жакшы тартылган. Сага уй булолук бакты, чыгармачылык ийгилик!
0
Мэри
2011-11-22 18:00:32
Сонун ырды "орто" дегендерге таң калып жатам. Сонун ыр го, сөздөрүн карасаңар, обонучу! Бул ырды күнүнө 5-6 жолудан угуп жатам. Менде автордун аткаруусунда да бар. Ал аккордеон менен ырдаган.
0
Ayjash
2011-12-03 20:37:21
ОООй ушул ыр жакты,Замир ага ийгилик ар дайым жылмая берсин сизге!!!!
0
ainura_perm
2012-02-17 04:23:26
ырды Замир тайкем аябай жакшы ырдаган,а бирок тиги клипке Аслана Ашировага ылайык нормальный баланы тартышса болмок унуройтуп Даниярды тартпай.например:Айдин Шерди тартышса клип биринчи орунга жетишмек..Асланага Данияр вообще не подходить.анан да мага эн жаккан жери бак ичинде Аслананын эркелеген жери.азаматсын Аслана Америкага кетип эмне кыласын циркте эле журо берсен боломок.
-1
lhl
2012-02-17 14:03:53
ainura_perm, сен кыз болуп туруп кызды суйуп калгансынго ха ха ха Дони класавчик бала да ой ой ой. кыздар ай эмне олуп баратасынар?????
0
Ima12
2012-04-18 02:41:27
lhl, aylanayin ushul silerdi synatyp ele koyso boldu... Atak Daniyar soonun bala jurogu tazaa karoche moshny bala
0
mur
2012-02-19 00:08:11
Мааниси жакшы экен
0
snejinka
2012-02-21 10:43:52
клипте озгочолук бар- баягыле тоо, талаа, машина и кыздар эмес...озунчоле минифильм,оригинальный-корсон козун сйунот)) обону да мыкты. супер деген баа бермекмин бул чыгармага.
0
dina
2012-02-28 09:04:02
Позитивдүү клип болуптур.
0
анарбек
2012-03-27 18:43:16
жакшы сонун ыр да клип да
0
amerikano
2012-04-11 10:42:40
Дааа, беззаботный, милый клип. Однако есть некоторые нюансы, которые портят произведение искусства. например, я не поняла, почему Замир Мырза поёт у железнодорожной остановки. И ещё для девушки парень слишком простоват. Кстати говоря, можно было бы закончить историю несчастливым концом, тогда более запоминающимся остался бы клип.
0
Asianat
2013-12-12 02:19:56
Замир азаматсын! Ийгилик кана коштоп журо берсин!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан