Тоюңарды алыстан угуп келдик, эки жаш,
Кечеңерге ыр майрам коруп келдик, эки жаш.
Үзүлбөсүн колуңар, куттуу болсун тоюңар,
Белек кылып бул ырды сунуп келдик, эки жаш.
Кубанчыңар кайгыга чөмүлбөсүн, эки жаш,
Кулачыңар биригип сөгүлбөсүн, эки жаш.
Эң биринчи достошкон, эми минтип баш кошкон,
Эң биринчи достошкон, эми минтип баш кошкон,
Экөөңөргө Кудайым,
Экөөңөргө Кудайым бакыт берсин, эки жаш.
Бир-бирине түбөлүк байланышсын эки жаш,
Эл суктанган түгөйгө айланышсын эки жаш.
Өздөн артык өз болор, экөөңөргө бел болор,
Өкүл ата-энелер шайланышсын, эки жаш.
Дастарконуң дайыма жайыл болсун, эки жаш,
Урпагыңар көбөйүп айыл болсун, эки жаш.
Көшөгөңөр көгөрсүн, наристелер төрөлсүн,
Көшөгөңөр көгөрсүн, наристелер төрөлсүн,
Калың журттун батасы,
Калың журттун батасы кабыл болсун, эки жаш.