Кубаныч Сатаев, Кундуз Авашова Эңсөө

Жүктөлгөн: 08-08-2011
04:07
102.15 Мб
Жанр: Поп
Кубаныч Сатаев , Кундуз Авашова "Эңсөө"
Жалгыз сезип мен өзүмдү бул дүйнөдө,
Жеткис болуп жүргөн элем сүйгөнүмө.
Жаңырыгы жеткен беле арманымдын,
Кайдан келдиң окшоп көлдүн чүрөгүнө?
А мен сени эмнегедир жакшы көрөм,
Салыштырып бул өмүрдүн мүрөгүнө.

Аз күн өттү, окшоп бирок кылымдарга,
Алым жетпей мен өзүңдү унутарга.
Издеп сени таппай келем, түн бир оокум,
Окшоштуруп элесиңди жылдыздарга.
А мен сени эмнегедир жакшы көрөм,
Сен бар үчүн бул ааламда сүйүү бардай.

Бир көрүүгө зар болдум го карааныңды,
Эске салып сенин сүйкүм жамалыңды.
Балким, сен да мендей болуп жүргөндүрсүң,
Кыйнабастан айтсаң боло абалыңды.
А мен сени эмнегедир жакшы көрөм,
Окшоштуруп унутулгус элестерге.
Комментарийлер (35)
Jeki
2012-03-14 09:40:41
Эки таланттын балдарына бакыт, чыгармачылык ийгилик каалайм. Жагымдуу, уккулуктуу ырдашыптыр. клип дагы заманга ылайык экен баракелде!!!!
Чубак акебиздин бул ырын укпаптырмын, мен учун чон жанылык болду. Оригиналы болсо дагы коюп койгулачы сураныч? Ч. Сатаевди эскеруу кечеси быйыл качан отот сурап, жазып койсонор сонун болмок. Же мага Кубанычтын телефонун таап бергилечи отунуч...
0
Aydan
2012-03-14 12:02:50
Cупер клип! Молодцы! Кайсы олкодо тартылган??? Башкы каарман кыз жонундо жазып коюнуздарчы, кайсы актриса? Кубаныч байке менен Кундуз эже сонун ыр таап алышыптыр го. Мен дагы бул ырды жакшы коруп калдым! Ийгилик!
+1
Aruukeshka
2012-03-14 14:36:55
Мага абдан жакты. Негизи эле Кубаныч байке башка ырчыларга салыштырмалуу акындар менен иштешет. Ошондуктан ырынын создору абдан терен, угумдуу. Бул ыры да абдан сооонун болуптур. Кундуз эженин ди-джей гана эмес ырчылык жактан да таланты бар. Клип болсо толук бир ойду бере алган экен. Бактылуу тугойлорго чыгармачылык ийгилик гана каалап отсок болчудай. Мактоого арзырлык клип, ыр жана ырчылар!!! Браво!
+1
nnn
2012-03-14 14:51:38
Мага да жакты!Клиптеги кыз татына экен!Ийгилик!
+1
Aydan
2012-03-14 17:39:38
Sonun klip eken!
+1
kara_kyz
2012-03-14 19:14:59
кк можно скачать?
+1
akmat
2012-03-15 18:36:06
Көчүрүү(13,59 Мб) деген шилтемени басыныз! Коро албастардын созун уга берсен жинди болосун! Ырларын жагат мага Кубаныч :)
+1
Djanel555
2012-03-19 05:34:24
Ыр абдан жакшы экен. Кубаныч байке жакшы ырдаптыр кыздын деле уну жакшы бирок жаккан жок. Клип боюнча чынын айтсам жаккан жок
0
Aydan
2012-03-20 11:45:55
Супер инфо неге реальный мамиле клыбайсынар? откон жумадан бери добуш бере албай жатабыз..созсуз силерег жаккандар 1-орунга чыгыш керекпи? анда кошпогула башка клиптерди..сарзу 1-орун бергиле жаккандарга!
+1
MiranA
2012-03-20 14:00:52
Aydan, "Конок" тайпасындагы колдонуучулар, т.а. жаңы катталган тургундар добуш берүү укугуна ээ эмес! Бул нерсе добуш берүү сиз айткандай, "реальный" жана так болушу үчүн колдонулат. Кечээ жакында катталып алып, бирөөнү күнөөлөп, кекетиштин эч кажети жок!
0
Aydan
2012-03-22 10:49:59
Rahmat Mirana! murdagy jana kiyinkiler dep bolot ekeninerdi bilbeptirbiz...jalan murunkular dobuw berip, jalan owolor silerge klient bolsun anda..janylardy taaryntyp, superdi emi taaniy bawtagandardy uwintip kapa kylyp alystatyp salat turbaysynarbyyyy?
+1
анарбек
2012-03-27 18:58:00
клип баягыле ыры жакшыкен
+1
akiykat
2012-04-09 12:28:31
ЫР сонун! ыр учун добуш берем. Кундуз эжем менен жездем ырдап жатканда, кимди колдомок элем? Чыгармачылык ийгиликтерди каалайм сиздерге!
+1
aikoledi
2012-04-17 19:22:07
токмоктогу гавайиде тартылыптыр
+1
Heavy
2012-04-25 11:29:55
Бул клипте креатив аттуу нерсе жокко эсе экен. Эки кыздын пиво ичип отурганын рекламалап коюптур. Мынча кыйналып клип тартыргандан кийин деталдарын да карашпайбы.
-1
KGMuslim
2012-04-25 15:41:18
Ушул Кыргыздар эч бир нерсе коро албайбыз же чукуйбуз ушунтип турсак качанг онолобуз аа?
Ырда клипда жакшы жааратуучуларга, жуктогонго жана SUPERдин жалпы жамаатына рахмат сиздерге соонун чыгыптыр чоон чоон ийгиликтерди каалайбыз! Мага жакты созу обону озгочо чыккан
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан