Дале эсимде ошол күндөр,
Сенин жүзүң нурун чачкан.
Биз жолугушкан айсыз түндөр,
Топ жылдыздар жымыңдашкан.
Кайырма:
Жаз күнүндө сыдырым жел жүзүм сылайт,
Жаш жүрөктө сагыныч көпкө тызылдайт.
Сендей жанга жолугамбы бул дүйнөдө?
Жоодураган көздөрүңө үмүттөнөм.
Дагы эле сенсиз өтөт күндөрүм,
Сени күтөм таң сүргөнчө.
Бирок билемин, жаным, сен да,
Чыдай албай күйүтүңө.
Кайырма:
Жаз күнүндө келесиң мага жадырап,
Жүрөктөрдө махабат кайра ыр ырдайт.
Сендей жанды тапканыма миң иреттен,
Ыраазымын ошол күнгө, тагдырыма.
Комментарийлер (20)
Janusik
2010-12-17 19:52:47
Мне лично понравилось!
0
BiLLy Beck
2010-12-18 02:01:44
solo gitara jakty maga... janduu undor menen kowtolso baardyk irlar jakshy bolmok....
Дун этип чыккан 1 да ыры жок.Баары эле анчалык жагымдуу эмес.Орус болуп туруп,кыргызча ырдаганы эле адамдын конулун бираз бурдуртпаса.
0
cliff
2010-12-23 17:42:14
Алекс башка биздин арабызда жургон киргиздарга караганда Кыргыз деп айта алам.
0
Nurkg
2010-12-25 02:17:20
Кээ бир киргиздерге караганда он жолу илгери десек болчудай
+1
aichurek
2010-12-25 20:37:02
Алекс ты молодец! Сенин баардык ырларын,клиптерин башкалардан озгочо! Алайдын Данкын которуп журо бер. Кимдерге жакпаса,алардын тушунугу жокко деп ойлойм.
0
ulash
2011-01-05 18:34:11
молодес ай алайлык жигит колдойм ийгилик сага алекс 100000000 пайыз
0
hiall
2011-01-28 13:41:05
Азамат! Алекс мырза сыймыктанатурган, улгу алатурган жигит. Ваше поведение зарождает патриотизм в наших сердцах.
0
MIRDJAMELL
2011-04-03 08:06:27
Мдаааа... супсааааак создорундо маани жок
0
syka
2011-08-25 09:41:22
все же он хороший певец...
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.