Атыңдан кагылайын алтын апа,
Алыста жүргөнүмө санаа тартпа.
Максаты ар бир жаштын билим алуу,
Азыркы гүлдөп турган ушул чакта.
Кайырма:
Алтын апа, болбочу капа,
Уулуң үчүн, санаа тартпа.
Алтын апа, кат жазам сага,
Сен мен үчүн санаа тартпа,
Алтын апа.
Күнүгө үйдөн чыгып жолду карап,
Келсе экен деп, жүргөндүрсүң күндү санап.
Максатым адам болуу дал өзүңдөй,
Элимдин керегине турган жарап.
Кайырма:
Күндө эстейм сенин туурук колдоруңду,
Ал колдор көрсөткөнсүйт жолдорумду.
Оболоп, жылдыз болуп улуу максат,
Жетелеп эликтирет ойлорумду.
Кайырма:
Комментарийлер (13)
adanbaev
2011-12-07 09:58:02
Ибрагим аке, чоң рахмат ушул ыр үчүн! Кичинекей кезимен эсимде бул ыр, бирок ар уккан сайын толкунданып турам...
0
karakys
2011-12-08 12:09:49
ападан артык эмне бар . Ыр эң сонун жаралган
0
dsamidinov
2011-12-08 22:48:38
Ишинизге ийгилик ушундай ырларды жарата берин эн сооонун.
0
Kursnbek
2011-12-09 12:35:13
Азаматсын иним
0
2011-12-09 13:09:52
ырды уккан сайын чон энем козумо тартылат! Баардык энелерге узак омур!!!!!!!!! Ырдын мааниси терен.
0
ymyta
2011-12-17 11:55:37
Энелер аман болсун!!! Кудай ата энелерге узун омур берсин!!
0
alisher88
2011-12-17 13:40:57
ырга да , клипке да соз жок! биз бала кезде аябай популярдуу эле ААА? эх Ибраги аке талантынызга таазим этиш керек, ырдап журуп коп ийигиликтерди багындырдыныз, сизди Ар дайым оомат коштосун, КАРА-СУУлуктар сизди сыйлайт. Кара-Сууда АЛИШЕР
0
Jumagul
2011-12-17 22:26:31
jakwuna jazulgan ur.barduk ele urlaru maaniluu teren oydo jazulgan.iygilik sizge!
0
MaksatXXI
2011-12-28 16:46:09
Ырларынын созун уга келсен ото маани бересин. Бирок, уну менен ырдын мааниси анча шайкеш келе бербейт.
0
LEYLA
2012-01-18 01:23:39
ырлары сонун, мага жагат!
0
omur2105
2012-01-28 16:34:38
Апакемди аябайле сагындымго, коздорумдон жаш тып тып тим эле.
0
bakay93ka
2013-04-08 20:15:32
апакемди сагынганда ушул ырды ырдайм анан сагынычым бир аз тарап калат ата апамдын омуруу озун ден соолукуу бекем болсун ээ аллахым менин бешенеме бар болуп сый урматымды корушсун омин
0
ZOR
2016-11-19 03:33:21
Алтын Апалар аман болсунчу Аллахым баарына узун омур берсин. Алыска окууга кеттим Апамды аявай сагындым Акыркы убакта ушул ырды коп укчу болдум ырдачу болдум. Ушундай Шедевр ыр жараткан Ибрагим акебизге ден соолук каалаймын.
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.