Токтобек Асаналиев Жаштарга

Жүктөлгөн: 28-12-2010
03:36
21.54 Мб
Жанр:
Токтобек Асаналиев "Жаштарга"
Сөзү : Ш. Шеркуловдуку
Обону : А. Огомбаевдики
Булбулдар сүйөт гүлдөрдү,
Муңайым добуш үндөрдү.
Бурала басып сырдашкан,
Муң ачкан жыргал күндөрдү.

Ойноп күлгөн күнөөбү?
Ойнобой жаштар жүрөбү?
Оюнда сырын айтсам деп,
Жаштын ошондо болот тилеги.

Жаштыкты кандай ойлойсуң?
Сен күкүк жаш суусардай сойлойсуң.
Жакындап чалма саларда,
Жазгы тайдай ойнойсуң.

Айраны кенен, кымыз мол,
Малдуу, дандуу жерибиз.
Жигити шайыр, кызы алтын,
Кымбаттуу кыргыз элибиз.
Комментарийлер (14)
Aelina
2010-12-29 08:53:24
Токтобек Асаналиевдин уну аябай таза, тунук. Ырлары дагы жакшы. Клипти кооз жерден тартышыптыр.
0
Luckyman
2010-12-29 15:46:31
Кыргызстанды сагынып жатканда журокту ыйлатмай болду...абдан жакшы ыр
0
intel
2010-12-29 18:16:19
Клип Жети-Огуздон тартылыптыр, Сагындым Ыссык-Колду Кыргызстанды.
0
menkyrgyzjigit
2010-12-31 09:39:14
Токо чыныгы кыргыз жылдызы да
0
jozassky
2011-01-05 00:50:21
Сөздөрүн жазып бересизби мүмкүн болсо
0
Romantic
2011-01-05 23:35:07
sonun sozup koiuptur)))
0
Ulanbek kg
2011-01-17 15:01:05
Токо клибин менен ырын айклышпай калыптыр,бирок унун сонун. Кобуроок эски Элдик ырлардан ырдап жандандырып журо бер!!!Бар бол Азамат!!!
0
tugolbai
2011-04-05 02:18:08
иий кандай ыр ай! Токтобек байке сизге рахмат!
0
Kyial
2011-06-17 13:55:40
Токонун унундой ун жок, клиптери дагы жакшы жерлерден тартылат,,,
0
aia-s
2011-06-23 22:45:06
мунун унун эле уксанар жетиштуу булар эми кайталангыс талант да... клибине соз жок бали!
0
askhat
2011-07-05 09:55:42
Токтобек сиз кыргыздын нукура инсандарынансыз... өркүнүңүз өсө берсин...
0
Oskara
2011-07-26 13:06:36
Баракелде! Кандай муңкамдуу ыр мр3 форматта барбы болсо көчүргөнгө чыгарсанар соонун болот еле
0
mir091092
2012-02-21 22:56:00
Баракелде онорунуз оркундой берсин!!!!!
0
kake
2012-09-14 17:19:56
Кыргыздар өзү гений эл да эй. Сөздөрүн карачы, Токоңдун үнүн уксаң, эй, ий-ий-ий-ий-ий-иии-ий-ий-ий-ий!!! :-D
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан