Тагдырдын ар бир таңы,
Күтүлбөгөн нерсени кабыл ал дей.
Ар бир жан адамзатына аны,
Жакшыбы, жаманбы, келет чечпей.
Табышмак, сырдуу дүйнө,
Аалам сымал чексиз ак сүйүүгө.
Тоскоолдук тажабай кыла берет дайым,
Жүрөктү салып азап, күйүткө.
Кайырма:
Кайтып келбейт өткөн өмүр кайра,
Агып өткөн узун-кыска ал дайра.
Кайгы тартып жашай берет адамзаты,
Жараткан буюрган күндөрүн кечип гана.
Үмүт жазы гүлдөй берет калбай,
Кандай гана келбесин жанга сыркоо.
Жашай берет, алга карай эч талбай,
Кандай гана келбесин жанга сыноо.
Жолдор ачык боло бербейт күндө,
Бирде жылуу, бирде каардуу дүйнө.
Жалындап оттой жана берет дайым,
Жалгыз тилек, бул өмүрдө!
Кайрыма:
Комментарийлер (31)
Asus84
2012-02-03 13:17:05
хааа сонун коментарийлер экен :)
+2
Bellina
2012-02-16 04:12:21
yry maga jakty
+1
altynjan
2012-02-27 17:40:25
Булан вот и наконец то я твой клип посмотрела молодец от Манго
+2
aziza73
2012-02-28 17:21:41
ушуну издеп журот э
лем Аят2 абдан жакты мага
+2
ysymbek
2012-06-14 18:38:21
Сонун ыр
+2
mamirova
2012-08-21 16:45:15
irdi kirgizdin ulutuk kiyimmi achiptir, irin sonun i ununda bar eken iygilik saga
+2
adil2012
2012-10-24 12:01:48
Азаматсын Булан мага жактын сага ийгилик. Алгаа красавчик
+2
Chyna91
2013-02-04 13:02:39
Киного абдан корк кошкон ыр. Жылдын мыкты ыры деген наамга татыктуу ыр!!!
0
Chyna91
2013-02-07 11:30:30
Урматтуу Кеша! Соз менен баарын кыйратып кое берет ар бир адам, а вот на деле ар кимдин колунан келе бербейт кыйратыш...
Урматту снежинка! Сиз сулуулукту башкача корот окшойсуз... Булан абдан эле сулуу мырза... Комментарийинизди окуп ойлоп калдым - Шрек сиздин идеалыныз окшойт анда...