Дайыр Исмадияров Досторум

Жүктөлгөн: 03-02-2012
04:31
90.78 Мб
Жанр: Поп
Дайыр Исмадияров "Досторум"
Сөзү : Акылбек Жумаевдики
Обону : Акылбек Жумаевдики
Досторумду капа кылып албайын,
Досторума бир сап ырды арнайын.
Бирге көрүп бул жашоонун жыргалын,
Ден-соолукта жүролүчү ар дайым.

Жүрөктөрдү биз оорутуп албайлы,
Тамашаны чындай кабыл албайлы.
Бирөөлөрдүн кирип жаман тилине,
Досторум эй, жүз карашпай калбайлы.

Кайырма:

Эй, досторум, досторум,
Жаштык гүлү соолбосун.
Жараткан соң силерди,
Кудай өзү колдосун.


Жаштык өтсө келбейт кайра кайрылып,
Калгым келбейт мен достордон айрылып.
Ойноп-күлүп өткөрөлү жаштыкты,
Калбагыдай болуп кийин кайгырып.

Жүзүңөрдөн күлкү нуру кетпесин,
Кырсык куусун, бирок, такыр жетпесин.
Арнап жазган ушул бир сап ырымды,
Ар бир досум угуп мени эстесин.

Кайырма:
Комментарийлер (108)
4aidai
2012-05-18 16:41:51
ушул бала ырдабай эле койсо, ун дегендин таукыр дайыны жок!
0
chika-1988
2012-05-23 01:47:26
бары жакшы еле болуптур супер
0
nmposta
2012-05-23 10:10:36
жакшы
0
mamirova
2012-06-09 01:08:34
kilipda irda soonun Dayir molatsi
0
moimoloi08
2012-06-12 15:12:03
азаматсын Дайыр,сени жакшы коробуз
0
MaksatXXI
2012-06-12 17:03:35
Эптеп бир ыр жаздырып, сапаттуу клип тарып, артынан кудай ургандай PR кетирет го чиркин Дайыр. Анан кор, жылдыз сезип калган озун. Клип тарттырганды го уйронуптур, бирок унун ондош керек бул бала. Эл анын унуно карап угат да биринчи, кебетесине эмес...
+2
miki_83
2012-06-18 02:13:46
клип жакты, молодец. Иштерине ийгилик
0
dastan12
2012-07-14 10:06:42

клипте да кадырларды кайталап койо берген.
0
B.o.s.s
2012-07-26 03:23:09
Азаматсын Дайыр!
0
S_T
2012-07-27 13:43:27
sonun klip!!!
+3
Айчурок
2012-10-28 12:56:03
вообще сонун!!!!!
0
Nukura-kyrgyz
2012-10-29 23:30:09
Клип аябай сонун тартылыптыр! Жогорку бааны берем...Ийгилик сага Данияр...,,,,
0
Turgunali
2013-01-02 14:41:42
прикольно)))
0
sunaika
2013-03-06 16:08:38
Эрнист Сыдыков жакшы клиптерди тартат окшойт
0
mega777
2013-04-21 12:32:24
эхх...студенттик кезимди эстеп кеттим...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан