Акыркы учкан катымды окуп, түшүнгүн, жаным,
Сен үчүн жаратып бермекмин бүт ааламдын баарын.
Өзүң деп ойлоп, өмүр бойлоп, карабайм мен башкаларын,
Ар дайым мени жыргатып жүрчү элең го күн сайын дайым.
Текке кеткен күндөр, сен үчүн үзгөн гүлдөр,
Сенин назик келбетиңди жанымда күндө күлгөн.
Кармашып колубуз жүргөн, жүрөгүм сезип жүрөт,
Карегиңден аккан жашыңды мен эстеймин күндө.
Тагдырымдын берген татаал убакыты болуп,
Ыр менен чыгарууну чечтим, жүрөгүм куса болуп.
Сүйүүнүн суугуна куса толуп,
Бошоттум сени толук.
Башка менин жолум,
Сен өз сүйүүңө жолук!
Кайырма:
Жараланган жүрөгүм сен кайрадан козгодуң,
Жаралап сезимдерди мезгил келди сактап жүргөн,
Биз бирге түшкөн сүрөттү.
Сага арнаган күндөрүм өттү,
Сага жазган күүлөрүм өчтү.
Мага чалба эми, чалба,
Мага жазба эми, жазба,
Тагдырымдын татаал күндөрү өттү.
Эми ажырадың менден, үзүлдү колубуз,
Ойлонбой кылган кадамың, үзүлдү жолубуз.
Мен да учамын сенден алыс, алыс тараптарга,
Коркпо, күчүм жетет жаңы сүйүүнү жаратканга.
Билем, сен деле билесиң жашоонун ырахат жолдорун,
Ишен, мен деле билемин, калп айтпастан сен колдогун.
Эми алыс боломун, карматпаймын колдорум,
Сагынганда угуп кой, обондордо боломун.
Кош бол, бош бол эми асманда учкан чымчыктай,
Ар дайым бийик бол, күндө жанган жарык жылдыздай.
Жүрөктү оюп кыйнаган окуяны укту Кыргызстан,
Менде болгон жомокту каалабаймын башкага.
Кайырма:
Өттүбү күндөр сени ойго салган?
Учамын алыс, жаңы сүйүү жаратам.
Эми баары элесимде калды,
Менин барым сага болду кайгы.
Жалган сүйүү алдады,
Биз экөөбүздүн күндөрүбүздү,
Сен мага болгон мээримиң төгө албай,
Сага болгон сөзүмдү айта албай,
Өттүбү күндөр сени ойго салган?
Учамын алыс, жаңы сүйүү жаратам.